Чоң-Алай кырка тоосунун мөңгүлөрү

Чоң-Алай кырка тоосунун мөңгүлөрү орографиялык өзгөчөлүктөрү боюнча үч топко бөлүнөт. Батыш бөлүгү Мөк-Суу менен Кызыл-Суунун кошулушунан Терс-Агар ашуусуна чейинки 64 км челик бөлүгүндө жалпы аянты 94,6 км2 ге жеткен 44 мөңгү жайгашкан. Борбордук бөлүгү Терс-Агар ашуусунан Кызыл-Арт ашуусуна чейинки 92 км челик бөлүгү эң мөңгүлүү. Бул бөлүктүн орточо бийиктиги 600 м ден ашык, эң бийик жери Ленин атындагы чоку (7139 м). Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 361,7 км2. Кызыл-Арт ашуусунан Кытай менен чектешкен Ат-Жайлоо чокусуна чейинки 30 км челик бөлүктүн орточо бийиктиги — 5500 м, эң бийик жери — 6601 м (Корумду чокусу). Мындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты — 241,1 км2.

Чоң-Алай кырка тоосунун түндүк жана түштүк капталдарындагы мөнгүлөрдүн зор аянттарынын топтолушунун негизги себеби — анын абсолюттук бийиктиги. Түндүк жагында жарыш жаткан Алай кырка тоосунун кырлары Чоң-Алайдын кырларынан дээрлик 1000 м ге төмөн. Ошондуктан, ал жерге келген аба массаларынан, өзгөчө жай мезгилинде кошумча жаан-чачын кар түрүндө түшүп, мөңгүлөрдүн куралышын камсыз кылат.

Мөңгүлөрдүн чектелүү аймакта туташ жатып чогулган очокторунун бири Ак-Шыйрак тоо түйүнү. Ал Кыргызстандагы ири дарыя системалары Нарын менен Сары-Жаздын суу бөлгүчү катары эсептелет. Борбордук бөлүгүндөгү эн бийик чокунун бийиктиги 5000 м ден ашык. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 435 км2, саны — 154. Мындагы мөңгүлөр өлчөмү 30x40 км келген аянттын 44% ин ээлеп жатат. Нарындын башаты болгон Кум-Төрдүн алабындагы Петров мөңгүсү (узундугу 14 км, аянты — 70,6 км2) эң чон мөңгү болуп эсептелет.

Байланыштуу макалалар түзөтүү