Красноводск платосу
Красноводск платосу – Түркмөнстанда; негизинен Красноводск жарым аралын, Каспий деңизинин чыгыш жээгин ээлейт. Эң бийик жери 306 мге чейин (түштүгүндө). Негизинен акиташ тегинен, гипстүү мергелден турат. Үстү жайпак дөңсөөлөр, жазы оёңдор менен бөлүнөт; калдык тоолор (бийиктиги 40 мге чейин) бар. Чополуу жана таштуу чөлгө мүнөздүү өсүмдүктөр өсөт; түндүк-чыгышында шор баскан ойдуңдар бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9