Крым конференциясы (1945), Ялта конференциясы – Экинчи дүйнөлүк согушта (1939—1945) союздаш 3 мамлекеттин (СССР, АКШ жана Улуу Британия) өкмөт башчыларынын (И.Сталин, Ф.Рузвельт, У.Черчиль), тышкы иштер министрлеринин, штаб начальниктеринин ж. б. кеңешчилердин катышуусу менен өткөрүлгөн конференция. 4–11-февралда Ялтада (Крым) өткөн. Крым конференциясына фашисттик Германияны толук талкалоо максатында союздаш 3 мамлекеттин согуш пландары макулдашылган, согуш бүткөндөн кийин бекем тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту уюштурууда союздаштардын макулдашкан саясатынын негизги принциптери белгиленген. Крым конференциясынын катышуучулары Германиянын кыңк этпей багынып берүүсүнүн шартын ишке ашыруу жана жалпы саясат жөнүндө келишишкен. Үч мамлекеттин куралдуу күчтөрү Германияда өзүнчө оккупациялык зонаны ээлейт деп макулдашылган. Үч мамлекеттин башчылары германдык милитаризм менен улутчулдукту жок кылууну жана Германия келечекте тынчтыкты бузууга жол бербегидей гарантия түзүүнү билдиришкен. Крым конференциясы согушта союздаш өлкөлөргө келтирген зыяны үчүн Германиядан кун алуу керек деп тапкан. Элдердин ортосундагы тынчтыкты сактоо максатында конференция Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) түзүү жөнүндө чечимге келген. Крым конференциясы «Бошотулган Европа жөнүндө декларация» кабыл алып, Польшанын чек аралары тууралуу бир катар чечимдер чыгаргышкан. Жалпы тынчтыкты камсыз кылуу максатында СССР Крым конференциясында Европада согуш бүтөрү менен 2–3 айдан кийин белгилүү шартта милитаристтик Жапонияга каршы согушка кирүүгө макулдугун берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү