Кубанычбек Өмүралиев
Кубанычбек Касымович Өмүралиев (15-сентябрь 1960, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кыргыз Республикасы) – дипломат, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Кубанычбек Өмүралиев | ||||
Кубанычбек Өмүралиев | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
июль 2021 — ноябрь 2022 | ||||
| ||||
март 2019 — ноябрь 2022 | ||||
| ||||
апрель 2016 — март 2019 | ||||
| ||||
Май 2015 — Март 2019 | ||||
| ||||
июль 2015 — Март 2019 | ||||
| ||||
январь 2012 — Май 2015 | ||||
| ||||
1999 — 2003 | ||||
Кесиби: | дипломат | |||
Билими
түзөтүү1984-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин Айыл чарбаны механизациялоо факультетин бүтүргөн. Ал эми 1994-жылы Бүткүл Россиялык жетекчи кызматкерлердин жана адистердин билимин жогорулатуу институтунун «Экономика; эл чарбасын жана анын тармактарын пландаштыруу жана башкарууну уюштуруу» адистиги боюнча аспирантурасын аяктаган.
1993-1995-жылдары АКШнын университеттеринде («Texas A&M» Университетинде, Небраска штатынын Университетинде, Вашингтон штатынын Университетинде), ал эми 1996-жылы Түштүк Кореянын Улуттук университетинде стажировкадан өткөн.
1998-жылы дипломатиялык стажировкаларды Бельгия, Франция, Люксембург, АКШ, Египет мамлекеттеринде өткөн.
2003-жылдан 2006-жылга чейин коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдык-укуктук жана институттук базанын маселелерин иликтөө боюнча Норвегия, Сингапур, Гонконг, Словения, Литва ж.б. мамлекеттерде билимин тереңдеткен.
Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдерин билет.
Эмгек жолу
түзөтүү2022- жылдын ноябрь айынан бери Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун Башкы Катчысы
2021-2022 - Кыргыз Республикасынын Израиль мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2019-2022- Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2016 апрель – 2019 март – Кыргыз Республикасынын Эстония, Латвия жана Литва Республикаларында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2015 июль - 2019 март – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунда Ченемдик укуктук жана башка органдарындагы өкүлү.
2015 май - 2019 март – Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2012 январь - 2015 май – Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмиратындагы Башкы Консулу.
2006-2011 ж. - «Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” Коомдук бирикмесинин Аткаруучу директору.
2004-2006 ж. - Өткөөл экономикасы бар өлкөлөр үчүн коррупцияга каршы катчылыгынын консультациялык тобунун Улуттук координатору, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму.
2003-2006 ж. - Кыргыз Республикасынын Акыйкат башкаруу боюнча консультациялык кеңешинин катчылыгынын Жетекчиси (АБКК).
1999–2003 ж. - Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчисинин орунбасары, Кеңешчи-элчи.
1998-1999 ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Экономикалык саясат департаментинин Директорунун орунбасары – Эки тараптуу экономикалык программалар башкармалыгынын Жетекчиси.
1997-1998 ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Батыш өлкөлөрү башкармалыгынын Кеңешчиси.
1992-1995 ж. - «Кыргызагропромимпэкс» АКнын Башкы директору.
1990–1992 ж. - Айыл-чарба министрлигинин Тышкы экономикалык байланыштар башкармалыгынын Жетекчиси.
1986 - 1990 ж. - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу “Ысык-Көл” Агрофирмасында Башкы инженер жана Төраганын орунбасары.
1984 – 1986 ж. - Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Карл Маркс атындагы колхоздо Улук инженер.
Коомдук ишмердүүлүгү
түзөтүү2011-2012 ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Байкоочу кенештин мүчөсү.
2008 - 2011 ж. - «АКИpress» журналынын Редакциялык кеңешинин Төрагасы.
2008 ж. - Улуттук телерадио корпорациясында эл аралык окуялар тууралуу «Аалам» телевизиондук программасынын автору жана жетекчиси.
1995 -1997 ж. - Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрү федерациясынын Вице-президенти.
1995 -1997 ж. - Кыргыз-Америка ишкердик кеңешинин мүчөсү
Сыйлыктары
түзөтүү• ТҮРКСОЙдун (Эл аралык түрк маданияты уюму) «Чынгыз Айтматов» медалы (2020 ж.)
• «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 75 жыл» медалы (2019 ж.)
• «Эл аралык Ч.Айтматов Клубунун» атайын төш белгиси (2018 ж.)
• КМШ мамлекеттеринин грамотасы (2017 ж.)
• «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 70 жыл» медалы (2014 ж.)
• Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин «Мекенчил» медалы (2009 ж.).
• Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин Ардак грамотасы (2008 ж.)
• Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2006 ж.)
• Хьюстон шаарынын ардактуу жараны, АКШ (2003 ж.)
Үй бүлөcү
түзөтүүҮй-бүлөлүү. Бир кызы, бир уулу жана 4 небереси бар.
Эмгектери
түзөтүү• «Маркетингдин негиздеринин кыскача баяндалышы», Бишкек, 1991 ж.
• «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдык-укуктук жана институттук базага сереп», Бишкек, 2005 ж.
• «Жергиликтүү кеңештин депутатынын кол китеби” Бишкек, 2007 ж. 1-басым жана 2010 ж. 2-басым.
• «Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ченемдик-укуктук жана институттук базага сереп», Бишкек, 2009 ж.
• Эки тараптуу мамилелер тууралуу жарыяланган макалалары: Кыргызстан - АКШ, Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираттары, Кыргызстан - Белорус Республикасы, Кыргызстан – Түркия Республикасы, Кыргызстан - Латвия Республикасы, Кыргызстан - Литва Республикасы, Кыргызстан - Эстония Республикасы.