Кубаныч үлүлдүү акиташ кени
Кубаныч үлүлдүү акиташ кени – Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 17 км түштүк-чыгышта, Чаңгет-Сай суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен. 1110–1190 м бийикте. 1984–85-жылдары чалгындалган. Кендин аянты ортоңку палеогендеги (түркстан катмарчасы) доломиттешкен үлүлдүү акиташтан, гипстешкен чоподон жана төртүнчүлүк мезгилиндеги кумайлуу чоподон түзүлгөн. Үлүлдүү акиташ бири-биринен айырмаланган үч горизонттон турат. Жалпы калыңдыгы 9 мден 15 мге чейин өзгөрөт. Орточо тыгыздыгы 2,12 г/см3, көзөнөктүүлүгү 24,38%, суу сиңирүүсү 7,81%, үстүнөн бастырганда бектигинин чеги (кургак абалда) 46,96 МПа, сууга каныккан абалда – 38,95 МПа, жумшаруу коэффиценти 0,83. Кесек бөлүнүшү 93,4%. акиташ дубал курууга жана каптама катарында колдонууга жарамдуу. Доломиттешкен үлүлдүү акиташтын запасы А категориясы боюнча 203,7 миң м3, В – 186,6 миң м3, С – 599,7 миң м3. Кумайлуу чопонуку – А+В — 658 миң м3, С1 – 510 миң м3.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|