Кубатбек Жусубалиев - жазуучу, актер, сценарист[1].

Кубатбек Жусубалиев
Туулган датасы:

30 -октябрь 1941(1941-10-30) (83 жаш)

Туулган жери:

Алай району, Кердегей айылы

Ал 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында туулган[2].

1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон.

Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган. 1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон. 1964-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери, 1965–1985-жж. «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталып[3], биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген ат менен 1967-жылы басылып чыккан[4]. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.

1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

түзөтүү
  • Күн автопортретин тартып бүтө элек: Повесть, аңгемелер.– Ф.: Кыргызстан, 1967. – 110 б.
  • Толубай сынчы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981.– 184 б.
  • Муздак дубалдар: Романдар жана повесть.– Б.: Адабият, 1990. – 432 б.
  • Жети сөз жана Конфуций: Көркөм чыгармалар.– Б.: Учкун, 2003. – 488 б.

Булактар

түзөтүү
  1. Кубатбек Жусубалиев - актёр, сценарист. Кино-Театр.Ру.
  2. Элкеева, Канымгүл. Кубатбек Жусубалиев: Дүйнөгө боорум ооруйт, Азаттык үналгысы (2.08.2023).
  3. Капай уулу, Арслан. Кубатбек Жусубалиев: Улуу чыгармалар жаралчу доордо жашап жатабыз..., BBC Кыргыз Кызматы (4.10.2019).
  4. Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт, Sputnik Кыргызстан (12.09.2021).