"Кубо жана эки кыл" (англ. Kubo and the Two Strings, орус. Кубо. Легенда о самурае) - 2016-жылы 3D стоп-кадр менен тартылган америкалык фантастикалык уруш жоруктуу тасма. Тасманын режиссеру жана продюсери Трэвис Найт (саамалык режиссердук эмгеги), ал эми сценарийин Марк Хеймс жана Крис Батлер жазган. Каармандардын үндөрүн Шарлиз Терон, Арт Паркинсон, Ральф Файнс, Рууни Мара, Жорж Такей жана Мэтью Макконахи коштогон. Тасма шамисендин (жапон музыкалык аспабы) сыйкырдуу кылдары бар жана сол көзү уурдалган Кубонун айланасында өнүгөт. Адам түспөлдөнгөн ак түстөгү маймыл жана коңуздун коштоосунда Кубо паракор тайэжелери жана Ай падышасы деген ат менен белгилүү, сол көзүн уурдап алган Райден таятасы менен жеңип чыгыш керек.

"Кубо" Мелбурн Эл Аралык Фильм Фестивалында экранга чыккан жана Америкада 19-августта "Фокус Фичерс" тарабынан дүйнөлүк аренага чыккан. Тасма 60млн долларлык бюджети менен 74млн доллар киреше топтогон. Тасма "Эң мыкты анимациялык тасмасы" аттуу BAFTA сыйлыгын утуп алган. Оскарда "Эң мыкты анимациялык тасма" жана "Эң мыкты визуалдык таасир" сыйлыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн. Кийинки категориядагы сыйлыкка "Крисмаска чейинки коркунучтуу түш" (1993) тасмасындан кийин көрсөтүлгөн экинчи тасма болуп эсептелет

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү