Кувейт динары (ар. دينار كويتي‎) — Кувейттин улуттук акча бирдиги[2].

Кувейт динары  (кырг.)

Kuwaiti Dinar  (аңгл.)
Dinar koweïtien  (фр.)

Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору KWD (414)
Аббревиатуралар KWD
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Кувейт
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү филс (11 000)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 филсов
Банкноттор ¼, ½, 1, 5, 10 жана 20 динар
Тарыхы
Киргизүү этабы 01.04.1961—13.05.1961
Мурда колдонулган валюта Парс булуңунун рупиясы
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Кувейтдин борбордук банкы
www.cbk.gov.kw
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн
1 KGS = 0,004731 KWD
1 USD = 0,3032 KWD
1 EUR = 0,3205 KWD
1 GBP = 0,4435 KWD
1 JPY = 0,002516 KWD
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
2023-жылдык инфляция
Инфляция 3,82%[1]
Кувейт динары Уикиказынада

Бир кувейт динары 1000 филсге барабар. 1/4, 1/2, 1, 5, 10, 20 номиналындагы банкноттор, ошондой эле 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 филс номиналындагы монеталар жүгүртүүдө.

Кувейт динарынын наркы АКШ долларына караганда үч эсе жогору.

2003-жылга карата наркы эң жогорку валюта болуп саналат[3].

Кээ бир валюталарга карата алмаштыруу курсу[4]:

Кувейт динары 1961-жылдын 1-апрелинде Парс булуңунун рупиясынын ордуна жүгүртүүгө киргизилген[5][6]. 2006-жылы Кувейт өзүнүн улуттук акча бирдигин 1% ревальвация кылган. Натыйжада, АКШ долларынын курсу 0,29 кувейт динарына барабар болуп калган. 2007-жылдын май айында Кувейттин бийлиги АКШ долларына байланган динардын курсун алып салып[7], улуттук валютасынын курсун мультивалюталык куржунга байлаштырган[8].

Монеталар

түзөтүү

Кувейттин 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 филс номиналындагы жүгүртүүдөгү монеталарынын дизайны 1961-жылдан бери эч кандай олуттуу өзгөртүүсүз чыгарылып келет. 1 филс номиналындагы монетасы 1989-жылдан бери чыгарылбайт, бирок сакталып калган монеталар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Монеталардын алдыңкы бетинде (аверс) Кувейттин герби, дау кемеси, чыгарылган жылдары ислам жана григорян жылнаамаларында араб сандары менен жазылган. Монеталардын арткы бетинде (реверс) номиналы жана мамлекеттин араб жана англис тилдеринде жазылган.

Бардык монеталар Улуу Британиянын Падышалык зээрканасы тарабынан чыгарылат.

Сүрөт Номинал

(филс)

Диаметр

(мм)

Калыңдыгы

(мм)

Салмагы

(г)

Материал Гурт Чыгарылган жылдары
   1 17,00 1,20 2,00 коло жылмакай 1961 1962 1964 1966 1967 1970—1973 1975—1977 1979 1980 1983 1987 1988
   5 19,50 1,20 2,50 1961 1962 1964 1967—1977 1979—1981 1983 1985 1987 1988 1990 1993—1995 1997 2001 2003 2005—2011
   1,45 2,55 латунь жалатылган болот 2012 2013 2015
10 21,00 1,50 3,75 коло 1961 1962 1964 1967—1977 1979—1981 1983 1985 1987 1988 1990 1995 1997 1998 2001 2003 2005—2011
   латунь жалатылган болот 2012 2013 2015
   20 20,00 1,36 3,00 жез+никель кесикче 1961 1962 1964 1967—1977 1979—1981 1983 1985 1987 1988 1990 1995 1997 2001 2003 2005—2011
   болот 2012 2013 2015
   50 23,00 1,54 4,50 жез+никель 1961 1962 1964 1966—1977 1979—1981 1983 1985 1987 1988 1990 1993 1995 1997 1999 2001 2003 2005—2011
   болот 2012 2013 2015 2016
   100 26,00 1,50 6,50 жез+никель 1961 1962 1964 1967—1969 1971—1977 1979 1980 1981 1983 1985 1987 1988 1990 1995 1998 1999 2003 2005—2010
   1,80 6,70 никель жалатылган болот 2012 2013 2015 2016

Банкноттор

түзөтүү

Кувейттин банкноттору эки тилдүү болуп саналат: аверсиндеги жазуулар араб тилинде салттуу араб сандарын колдонуу менен, реверсиндеги жазуулар англис тилинде азыркы сандарды колдонуу менен чыгарылат.

¼, ½, 1, 5 жана 10 динар номиналындагы Кувейттин биринчи банкноттору 1961-жылдын 1-апрелинде Валюта комиссиясы тарабынан чыгарылган. Банкнотторго Кувейттин биринчи эмири Абдалла III портрети түшүрүлүп, бул банкноттор 1982-жылдын 31-майына чейин жүгүртүүдө болгон[9].

Кийинчерээк Валюта комиссиясы Кувейттин Борбордук банкы болуп өзгөргөн.

1970-1971 жылдары II сериядагы банкноттор чыгарылган. Мурункудай эле номиналдар сакталып калган, бирок Кувейттин экинчи эмири Сабах III портрети түшүрүлгөн. Бул сериядагы банкноттор 1982-жылдын май айында жүгүртүүдөн алынып салынган[10].

1980-жылдын фералында III сериядагы банкнотторду чыгаруу башталган, банкноттордун катарына 20 динар номиналындагы банкнотта кошулган[11]. Кувейтти Ирак аскерлери басып кирип, оккупациянын жарым жылында өлкөдөн табылган бардык акча каражаттары чыгарып кетишкен. Бул окуялардын натыйжасында III сериядагы банкноттор жараксыз деп табылган[12].

Кувейттин III сериядагы банкноттору (1980-жылы чыгарылган)
Сүрөт Номиналы

(динар)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү
Алдыңкы бети (аверс) Арткы бети (реверс)
[1] ¼ 116×68 күрөң Мунай секиси Мунайды кайра иштетүүчү завод
[2] ½ 127×68 кызгылт көк Кувейт мунаралары Port Shuwaykh
[3] 1 138×68 кызгылт «Кувейт Сити» телекоммуникация борбору Эль-Жахрадагы кызыл чеби
[4] 5 148×68 көк al-Hilali мечитинин мунарасы Сейф сарайы
[5] 10 160×68 жашыл Ылаачын (шумкар) дау кемеси
[6] 20 166×68 сары Кувейттин фондулук биржасынын имараты Кувейттин юстиция борбору

Ирак бийлиги тарабынан чыгарылып кеткен акчаны колдонууга жол бербөө үчүн, Ирактын аскерлеринен өлкөнү бошоткондон кийин, 1991-жылдын 24-мартында III сериядагы банкнотторду жаңы үлгүдөгү IV сериядагы банкнотторго алмаштыруу жүргүзүлгөн. IV сериядагы банкноттор 1995-жылдын 16-февралына чейин жүгүртүүдө болгон[13][14].

Кувейттин IV сериядагы банкноттору (1992-жылы чыгарылган)
Сүрөт Номиналы

(динар)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү
Алдыңкы бети (аверс) Арткы бети (реверс)
[7] ¼ 116×68 кызгылт Мунай секиси Мунайды кайра иштетүүчү завод
[8] ½ 127×68 көк Кувейт мунаралары Port Shuwaykh
[9] 1 138×68 жашыл «Кувейт Сити» телекоммуникация борбору Эль-Жахрадагы кызыл чеби
[10] 5 148×68 серый al-Hilali мечитинин мунарасы Сейф сарайы
[11] 10 160×68 кызгыл сары Ылаачын (шумкар) дау кемеси
[12] 20 166×68 сирень түстүү Кувейттин фондулук биржасынын имараты Кувейттин юстиция борбору

Өлкөдө абал турукташкандан кийин, 1994-жылы V сериядагы банкноттор чыгарылган. Алар 2015-жылдын 1-октябрынан баштап мыйзамдуу төлөм каражаты макамын жоготкон[15].

Кувейттин V сериядагы банкноттору (1994-жылы чыгарылган)
Сүрөт Номиналы

(динар)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү
Алдыңкы бети (аверс) Арткы бети (реверс) Алдыңкы бети (аверс) Арткы бети (реверс)
    ¼ 110×68 күрөң дау кемеси кыздар
    ½ 120×68 жашыл кофе чайнеги, базар балдар
    1 130×68 көгүлтүр Кувейт мунаралары Port Shuwaykh
    5 140×68 кызыл Боштондук мунарасы Мунайды кайра иштетүүчү завод
    10 150×68 кочкул кызыл Чоң мечит балыкчылар, дау кемеси
    20 160×68 саргыч жашыл Эль-Жахрадагы кызыл чеби Кувейттин борбордук банкы, шаар дарбазасы

Жүгүртүүдөгү банкноттор

түзөтүү

2014-жылы 29-июнда ¼, ½, 1, 5, 10 жана 20 динар номиналындагы банкноттордун жаңы VI сериясы жүгүртүүгө киргизилген. Банкноттордо чыгарылган жылы белгиленген эмес[16].

Кувейттин V сериядагы банкноттору (2014-жылы чыгарылган)
Сүрөт Номиналы

(динар)

Өлчөмү

(мм)

Түсү Сүрөттөөмөсү
Алдыңкы бети (аверс) Арткы бети (реверс) Алдыңкы бети (аверс) Арткы бети (реверс)
    ¼ 110×68 күрөң Кувейттин телемунарасы, дау кемеси салттуу кувейт калгасы, биринчи кувейт монетасы
    ½ 120×68 жашыл Кувейт мунаралары, дау кемеси бисса деңиз ташбакасы, балыктар
    1 130×68 серый Чоң мечит, дау кемеси Файлакада антикалык колонна түркүк
    5 140×68 кызгылт көк Бийик имарат, дау кемеси танкер, мунайды кайра иштетүүчү завод
    10 150×68 кызыл Улуттук ассамблеянын имараты, дау кемеси төө, ылаачын (шумкар)
    20 160×68 көгүлтүр Сейф сарайы, дау кемеси бермет чогулткан адам, устрица, дау кемеси
Сүрөттөрдүн масштабы: миллиметрге 1,0 пиксель.

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү