Кыргыз сому
Кыргыз сому — Кыргызстандын акча бирдиги. Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган[1]. 10-май — Банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын кабыл алынган күнү катары Кыргызстанда расмий белгиленет[2].
Кыргыз сому | |||
---|---|---|---|
| |||
Коддор жана белгилер | |||
ISO 4217 коддору | KGS (417) | ||
Символдор | ⃀ • с • сом | ||
Жүгүртүү чегарасы | |||
Эмитент | ![]() | ||
Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||
Бөлчөктүү | Тыйын (1⁄100) | ||
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||
Монеталар | 10, 50 тыйын 1, 3, 5, 10 сом | ||
Банкноттор | 1, 10, 50 тыйын 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000,2000, 5000 сом | ||
Тарыхы | |||
Киргизилди | 1993-жылдын 10-майы | ||
Мурда колдонулган валюта | ССРС рубль (SUR) / Орусиялык рубль (RUR) | ||
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||
Эмиссиялык борбор | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | ||
www.nbkr.kg | |||
Банкнота өңдүрүүчү | De La Rue | ||
www.delarue.com | |||
Акча сарайы | Казакстан акча сарайы | ||
www.kmd.kz | |||
Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||
1 USD | = 64,1 KGS | ||
1 EUR | = 67,75 KGS | ||
1 GBP | = 93,74 KGS | ||
100 JPY | = 53,19 KGS | ||
1 RUB | = 1,255 KGS | ||
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||
![]() |
Тарыхы
түзөтүүКыргыз валютасынын расмий чыгарылган датасы 1993-жылдын 10-майы деп эсептелгени менен биздин сомдун жаралуу тарыхы же "сом" - деген сөздүн колдонулушу СССР маалында пайда болгон. Кыргызстан СССР курамына союздук республика катары киргенден кийин 1938-жылдын үлгүсүндөгү 1,3 жана 5 рублдерде кыргыз тилиндеги – «сом» деген жазуу болгон. Түрк тилиндеги «сом» сөзү баардык түрк тилдеринде «рубль» сөзүн билдирет. Алгач ал «бүтүн», «бекем» маанисинде колдонулган. Кийинчерээк «бүтүндүн бөлүгү», «рубль» маанисинде колдонула баштаган. Монеталар менен майда акчалар «тыйын» деп аталган. Кокондун күмүш тенгелери, жез пулдары жана алгачкы россиялык копейкалар менен гривенниктер да ушундай аталмак. Азыр болсо сом Кыргыз Республикасынын негизги акча бирдиги болуп саналат.
СССР жоюлгандан кийин аймактын мамлекеттери үчүн кыйын кырдаал түзүлүп: инфляциянын болуп көрбөгөндөй өсүшү, Күнкорсуз шериктеш мамлекеттердин алкагында макулдашылган салык, валюта, баа, бажы саясатынын жоктугу, ошондой эле өкмөттөр аралык эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын натыйжалуулугунун жетишсиздиги. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн КМШ мамлекеттери өзүнүн улуттук валютасын киргизип, жеке экономикалык саясатын жүргүзүү керек болгон. Мындай кадамдарды алгачкылардан болуп Кыргызстан жасаган. 1993-жылы Кыргызстандын Өкмөтү улуттук валюта киргизүүнү сунуштап, 3-майда республиканын Жогорку Кеңеши министрлер кабинетинин сунушун бекитип берип[3]. Ал эми 10-майдан тартып Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун киргизген. Өлкөнүн аймагындагы жүгүртүүдөгү Орусия рубилдери сомго алмаштырылып, алмаштыруу үч этапта жүргүзүлгөн. 1993-жылы 10-майдан 14-май күнү кечки саат 6га чейин Кыргызстандын аймагындагы жүгүртүүдөгү Орусия рублдери, СССР Мамбанкынын казналык жана банктык билеттери, рубль түрүндөгү активдер менен пассивдер сомго 200 рубль бир сом курсу менен алмаштырылган. Ар бир Кыргызстандын жараны (резиденти) бул аралыкта накталай рублин жогоруда аталган курс боюнча алмаштыра алган. Акча алмаштырууну жүргүзүү паспорт же паспортту алмаштырган документте «Өзгөчө белгилер» деген мөөр менен белгиленген[4]. Сом менен рублдин параллел жүгүртүлүшүнө ушул учурда гана уруксат берилген. Ошентип 1993-жылы 14-май күнү кечки саат алтыдан тартып сом республиканын аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп калган. Жүйөлүү себептер менен белгиленген расмий мөөнөттө акчасын алмаштыра албай калган адамдар үчүн 17-майдан 21-майга чейин кошумча убакыт берилип. Ал эми ушул мөөнөттө да акчасын алмаштыра албай калгандар үчүн июндун башында дагы эки күн берилген. 3-июндан 4-июнга чейин рублди кыргыз сомуна эми жаңы курс боюнча – 1 сомду 260 рублдан алмаштырууга туура келген. Акча алмаштыруунун баардык мезгилинде болгону 14 млрд. рубль гана чогултулган. Бирок ошол кезде жүгүртүүдөгү накталай акча 53 млрд. рубль деп бааланганы менен Кыргызстандын чек арасы ачык болгондуктан, бул сан так болуп эсептелген эмес.
Сомдун тарыхында Кыргызстандын улуттук валютасы 4 ирет өзгөрүүгө учурады. 1993-жылы банкнотту өтө кыска аралыкта жана минималдуу аз чыгым менен даярдоо керек болгон. Ал кезде алгачкы банкноттор 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом үлгүсүндө чыгарылган. Булар «өткөөл мезгилдин акчасы» деп аталган. Каражаттын жана убакыттын чектелүүлүгүнөн алгачкы банкноттор өтө деле мыкты сапатта эмес, дээрлик кагаз түрүндө болгон. 1994-жылдан баштап II сериядагы 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылган. Бул сериядагы купюралар жогорку суммага даярдалбаса да мурдагыга караганда сапаттуу коргонуудагы банкнот болгон. 1997-жылдан 2002-жылга чейин экинчи чыгарылыштагы банкноттор акырындап III сериядагы банкнотторго алмаштырылган. Жаңы купюралар бир топ жогорку коргоо деңгээлине: ар бир банкноттун жеке өлчөмү жана түсү, суу белгиси, «терезе» түрүндөгү коргоочу жиби сыяктуу түп нускасынын жаңы белгилери, металлдаштырылган фольгасы, көп түрдүү өзгөрүүчү түскө ээ болгон голограммасы жана башка коргоо белгилери болгон. Жүгүртүүдөгү акчадан тышкары жогорку сандагы – 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор киргизилген. 2009-жылы 5000 номиналындагы банкнот жүгүртүүгө чыгарылып, кийинчерээк калган – 20, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сом номиналдары да жаңыланган. Акыркы IV сериядагы банкноттор жогорулатылган жана жаңы коргоо белгилерине, кичирейтилген көлөмгө жана оригиналдуу жасалгага ээ. Ошондой эле 1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталар жүгүртүүгө чыгарылган. 2009-2010-жылдары жүгүртүүгө чыгарылган жаңы, IV сериядагы банкнот эң мыкты сериядагы улуттук валюта болуп саналат. Себеби 5000 сом номиналындагы банкнот «2009-жылдын банкноттору» деп аталган эл аралык кадыр-барктуу конкурста жеңүүчү катары аталгандыгы болуп саналат. Ал эми 1000 номиналындагы банкнот банк технологиясы боюнча эксперттердин баасына ылайык, 50 АКШ доллары, 50 евро жана 2010-жылдагы жаңы Орусиянын 1000 рублуна салыштырмалуу сапаты боюнча экинчи орунду ээлеген. Кыргыз Республикасынын улуттук купюра кагазын кармап көргөндөгү сапаты, суу белгисинин сапаты, банкноттун оптималдуу өлчөмү, голографиялык элемент жана микробасма категориялары боюнча мыкты деп таанылган.
Учурдагы абалы
түзөтүү1992-жылы инфляциянын деңгээли 2000%дан ашык чекке жетип. Ал эми 1993-жылы улуттук валютанын киргизилишинен улам гана жеке акча-кредит саясатын жүргүзүүгө мүмкүн болгон. Бул чаралардан улам инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө шарт жаралып. 1994-жылы инфляция 62,1%, 1995-жылы – 32,1%га чейин ылдыйлаган. Кыргызстандын улуттук валютасы киргизилген күндөн бүгүнкү мезгилге чейин өзүнүн туруктуулугун сактап келе жатат. Сом азыркы учурда КМШ аймагындагы туруктуу валюталардын бири болуп саналат. 2005-жылы сомдун алмаштыруу курсу башка валюталарга карата дээрлик өзгөргөн эмес. Анткен менен АКШ долларына карата сомдун курсу 1993-жылдан бери 15 ирет өзгөргөн.
Монеталар
түзөтүүБанкноттор
түзөтүүБиринчи серия
түзөтүүБанкноттордо чыгарылган жылы жазылган эмес. Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом номиналындагы банкноттор 1993-жылы май айында жүгүртүүгө чыгарылган.
Экинчи серия
түзөтүүБанкноттордо чыгарылган жылы жазылган эмес. 1994-1995-жылдары акча белгилеринин экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Биринчи чыгарылыштагы банкнотторго караганда “калайык-калктын улуттук валютага карата ишениминин калыптанышы мезгилинде” жасалмалуулуктан ишенимдүү корголгон банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган. 1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүдөн акырындык менен алынып, 1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор менен алмаштырылган.
2-серия | ||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Сүрөт | Номинал (сом) |
Өлчөм (мм) |
Түс | Түшүндүрмө | Чыгарылган күн | Колдонуудан чыгарылган күн | ||
Алдыңкы бет | Арткы бет | Алдыңкы бет | Арткы бет | |||||
1 | 135х65 | күрөң сары |
кыргыз композитору Абдылас Малдыбаев (1906—1978) |
комуз, кыяк кыргыз музыкалык аспаптары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фонунда |
11-апрель 1994 |
1-январь 2008 | ||
5 | көк сары |
кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева (1926—1973) |
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры | |||||
10 | жашыл сары |
кыргыз окумуштуу жана маданий ишмер Касым Тыныстанов (1901—1938) |
Кыргызстандын тоо кыркалары жана Жети-Өгүз тоолору | |||||
20 | кызыл кызгыл сары күрөң |
кыргыз акыны Тоголок Молдо (1860—1942) |
Манастын күмбөзү | |||||
50 | кызыл-күрөң кызгылт |
Алай ханышасы Курманжан Датка (1811—1907) |
Өзгөн архитектуралык комплекси (Карахандар мечити жана күмбөзү) |
29-август 1994 | ||||
100 | боз күрөң саргыч жашыл |
кыргыз эл акыны Токтогул Сатылганов (1864—1933) |
Токтогул ГЭСи | 20-март 1995 |
Үчүнчү серия
түзөтүүУлуттук валютаны өркүндөтүүнүн үчүнчү баскычы 1997-жылдан тартып башталган. 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом наркындагы, мурда чыгарылган банкнотторго салыштырганда өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарылган. Ал эми 2000-жылы жогорку номиналдагы 200, 500, 1000 сом наркындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.
3-серия | ||||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Сүрөт | Номинал (сом) |
Өлчөм (мм) |
Түс | Түшүндүрмө | Чыгарылган күн | Колдонуудан чыгарылган күн | ||||
Алдыңкы бет | Арткы бет | Алдыңкы бет | Арткы бет | Суудай белгилер | ||||||
1 | 120×60 | ачык күрөң | Абдылас Малдыбаев | комуз, кыяк, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты |
портрет | 7-февраль 2000 |
1-январь 2010 | |||
5 | 135×65 | көк | Бүбүсара Бейшеналиева | А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры | 17-декабрь 1997 | |||||
10 | жашыл | Касым Тыныстанов | Жети-Өгүз тоолору | |||||||
20 | кызгыл сары | Тоголок Молдо | Манастын күмбөзү | портрет жана номинал | 15-август 2002 |
|||||
50 | 145×70 | сирень түстүү кызгылт |
Курманжан Датка | Өзгөн архитектуралык комплекси | ||||||
100 | 150×72 | ачык кызгылт көк бозомук жашыл |
Токтогул Сатылганов | Кан-Теңири тоосу | ||||||
200 | 155×74 | сары | Алыкул Осмонов | Ысык-Көл | 28-августа 2000 | |||||
2-август 2004 | ||||||||||
500 | 160×76 | кызгылт | Саякбай Каралаев | манасчынын сүрөтү тартылган | 28-август 2000 | |||||
1-ноябрь 2005 | ||||||||||
1000 | 165×78 | серый | Жусуп Баласагын | Сулайман-Тоо | 28-август 2000 |
Төртүнчү серия
түзөтүү4-серия | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
Сүрөт | Номинал (сом) |
Өлчөм (мм) |
Түс | Түшүндүрмө | Чыгарылган күнү | ||
Алдыңкы бет | Арткы бет | Алдыңкы бет | Арткы бет | ||||
20 | 120×58 | кызыл | кыргыз акыны Тоголок Молдо (1860—1942) |
Таш-Рабат архитектуралык эстелиги | 1-июль 2009 | ||
50 | 126×61 | кызгыл сары | Алай ханышасы Курманжан Датка (1811—1907) |
Өзгөн архитектуралык комплекси (Карахандар мечити жана күмбөзү) | |||
100 | 132×63 | көк | кыргыз эл акыны Токтогул Сатылганов (1864—1933) |
Токтогул ГЭСи | |||
200 | 138×66 | сары | кыргыз акыны Алыкул Осмонов (1915—1950) |
Ысык-Көл | 1-декабрь 2010 | ||
500 | 144×68 | кызгылт көк | манасчы Саякбай Каралаев (1894—1971) |
Манастын күмбөзү | |||
1000 | 150×71 | бозомук | Жусуп Баласагын (1016—1077) |
Сулайман-Тоо | |||
5000 | 156×73 | жашыл | кыргыз советтик актеру Суймөнкул Чокморов (1939—1992) |
«Ала-Тоо» кинотеатры, Кыргыз Ала-Тоосу | 2-март 2009 |
Бешинчи серия
түзөтүүV сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналып, коргоо элементтери жакшыртылган.
5-серия | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
Сүрөт | Номинал (сом) |
Өлчөм (мм) |
Түс | Түшүндүрмө | Чыгарылган күн | ||
Алдыңкы бет | Арткы бет | Алдыңкы бет | Арткы бет | ||||
20 | 120×58 | кызыл | кыргыз акыны Тоголок Молдо (1860—1942) |
Таш-Рабат архитектуралык эстелиги | 15-февраль
2024 | ||
50 | 126×61 | кызгыл сары | Алай ханышасы Курманжан Датка (1811—1907) |
Өзгөн архитектуралык комплекси (Карахандар мечити жана күмбөзү) |
15-февраль
2024 | ||
100 | 132×63 | көк | кыргыз эл акыны Токтогул Сатылганов (1864—1933) |
Токтогул ГЭСи | 15-февраль
2024 | ||
200 | 138х66 | сары | кыргыз акыны Алыкул Осмонов (1915—1950) |
Ысык-Көл | 10-май 2023 | ||
500 | 144х68 | кызгылт көк | манасчы Саякбай Каралаев (1894—1971) |
Манастын күмбөзү | 10-май 2023 | ||
1000 | 150х71 мм | бозомук | Жусуп Баласагын (1016—1077) |
Сулайман-Тоо | 10-май 2023 | ||
5000 | 156×73 | жашыл | кыргыз советтик актеру Суймөнкул Чокморов (1939—1992) |
«Ала-Тоо» кинотеатры, Кыргыз Ала-Тоосу | 10-май 2024 |
Булактар
түзөтүү- ↑ https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=146&lang=KGZ
- ↑ https://erkin--too-kg.translate.goog/10-maj-uluttuk-valyuta-kabyl-alyngan-k%D2%AFn/?_x_tr_sl=ky&_x_tr_tl=ru&_x_tr_hl=ru&_x_tr_pto=sc
- ↑ ИС «Параграф» — Постановление Верховного Совета Республики Кыргызстан от 3 мая 1993 года № 1182-XII «О предложении Правительства Республики Кыргызстан „О введении национальной валюты“». Текшерилген күнү 25 -март (жалган куран) 2018. Түп булактан архивделген күнү 16 -июль (теке) 2015.
- ↑ НБКР — К 20-летию сома — История введения национальной валюты
Тышкы шилтемелер
түзөтүү- Улуттук валюта
- КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн монеталары Archived 2018-03-28 at the Wayback Machine
- Кыргызстандын банкнотторунун галереясы (нем.) (англ.)