Кудайназар "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. «Кудайназар куу чокмор, Курган Кошой жолдошу» жана жан бирге сырдашы, акылман. Кошойдун түшүн жоруп, Манастын келерин айтат. Кошойдун Билерик менен Жарманасты бошоткон жортуулуна катышып, келаткан жолдо кайра Манаска жардамга келип, кытайлар менен болгон согушта Жолойдон өлөт (Саякбай Каралаев, 1. 111, 112, 161). «Кудайназар куу чокмор» деген каарман «Эр Табылды» эпосунда да кездешет. Муну кыргыз эпосторунун бири-бирине таасири катары кароо керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4