Кузьма Минин
Кузьма Минин (т. ж. белгисиз — 1616-ж. о.) — 17-кылымдын башында поляк-швед интервенциясы убагында экинчи ополчениени уюштургандардын жанa жетектегендердин бири.
- 1611-ж. 1-сентябрда земство стар чындыгына шайланып, элдик ополчение үчүн каражат топтоого жана аны уюштуруу кыймылына жетекчилик кылган.
- Мининдин кеңеши боюнча согушка князь Д. М. Пожарский жетекчилик кылган.
- Минин 1612-ж. «Бүт жер кеңешине» («Совет всея земли») кирген.
- 1612-ж. 22—24-августта Москва үчүн салгылашта зор эрдик көрсөткөн.
- 1613-ж. дума дворянини деген наам алып, Боярлар думасынын составына кирген.
- Минин — орус элинин белгилүү улуттук баатыры.
- Москвада Кызыл аянтта 1818-ж. Минин менн Пожарскийге эстелик тургузулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.