Кул — кожоюндун жеке менчигине айланган, эч бир укуксуз киши, кул ээлик коомдун негизги таптарынын бири. К. буюм катары эсептелип, аны сатып алган, сатып жиберген, ал түгүл өлтүрүп да салган. "Манас" эпосунда К-дун укуксуздугу «Сатыкка салып, кул кылып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 264),— деп көрсөтүлөт. «Таятаң Темиркандай мытаамдын Дене кулу болупсуң» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 130),— деп сүрөттөлгөндөй эпосто дене К. деген түшүнүк жолугат. Дене К. — түбөлүк кул, сатып жиберсе кыңк этпеген кул деген маанини билдирет. Ал эми «Элирип кеткен кесек кул» (Сагымбай Орозбаков, 1. 64), «Оңой Манас кул эмес, Оюлгур жайы башкача» (Саякбай Каралаев, 1. 144), «Жайма көкүл жаш Айдар Өзү эптүү кул эле, Өңү сындуу кул эле» деген саптардан эпосто К. жалпы эле кудайдын кулу, адам, киши деген мааниде айтыла берээрин баамдоого болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4