Кулдашев, Бакий (1916 ж., Пишпек – 1956 ж., Фрунзе) – кыргыз совет педагогу, педагогика илимдеринин кандидаты (1950 ж.).
Кыргыз ССР эмгек сиңирген мугалими (1953 ж.). 1937-жылы Ташкент педагогикалык институтун 1939-жылы Орто Азия коммунисттик тарбия берүү институтун бүтүргөн. 1939–1951 ж. КМПИде иштеген.

Кыргыз педагогика илим изилдөө институтун уюштурууга катышып, анын туңгуч директору (1951–1955 ж.) болгон. Ошол эле учурда (1951–1956 ж.) КМУда доцент. «Мугалимдерге жардам» журналына редактор (1951–1952 ж.). «1917–1930-жылдардагы кыргыз совет мектебинин тарыхы» деген илим иш кандидаттык диссертация жазган. Бул Октябрь революциясынан өлкөнү индустриялаштыруу мезгилине чейинки Кыргызстандын эл агартуу ишин илим жактан системалуу сыпаттап жазган туңгуч илим эмгек.

Республиканын газета-журналдарына педагогикалык маселелер боюнча көп макала жарыялаган. Алардын негизги темасы; жаштарга тарбия жана билим берүү жөнүндө К. Д. Ушинский менен А. С. Макаренконун педагогикалык тутуму, балдарды үй-бүлөдө жана мектепте тарбиялоонун көйгөйлөрү ж. б.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004