Кулжа-Эмбес тоосуФергана тоо тизмегинин түштүк -батыш тармагы. Сузак районунун аймагында. Талдысуу жана Түрлөсуу сууларынын (Зергер, Жазы сууларынын куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 28 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 2400–2600 м, эң бийик жери 3328 . Жону тайпак, капталдары жантайыңкы; майда кокту-колоттор бар.

Тоонун түндүк-чыгыш (бийик) бөлүгү триастын сланец, алевролит, кумдук, конгломерат, жапызыраак түштүк-батышы пермь менен карбондун кумдук, алевролит, сланец тектеринен турат. Көмүр кени бар. Талаа жана шалбаалуу талаа (1800–1900 м бийиктикке чейин), шалбаалуу жаңгак токою (2200–2500 мге чейин), аз аянтты бийик чөптүү шалбаа ээлейт. Жайыт, чабынды, токойчулукта пайдаланылат.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү