Куликов (кондитердик үй)
Куликов ― 1991-жылы Кыргызстанда негизделген белгилүү кондитердик фабрика[1].
Kulikov | |
Негизделген жылы |
1991 |
---|---|
Мурдакы аталыштары |
Куликовский |
Негиздөөчүлөрү |
Олег Борисович Куликов |
Жайгашкан жери |
Бишкек |
Сайт |
Фабрика Бишкек шаарында жайгашкан жана өлкөдөгү кондитердик азыктарды өндүрүүчүлөрдүн эң ириси болуп эсептеленет.
Тарыхы
түзөтүү1991-жылы Олег Борисович Куликов чоң "Куликов" брендинин тарыхын баштаган[2] "куш сүтү" тортун бышырган. Эң башында Куликов тортторду өндүрүү үй-бүлөлүк иш болуп, Бишкек шаарындагы типтүү батирде чакан гана ашкана болгон. Бара-бара кардарлар топтолуп, популярдуулугу жогорулайт. Аны менен бирге сунушталган десерттердин ассортименти жана мунун баары өндүрүлгүн жер өсөт. Ошентип, 10 жылдын ичинде иш өзүнүн цехи, заказ салону жана берилген кардарлары бар чакан үй-бүлөлүк кондитердик дүкөнүнө айланды.
Азык-түлүк
түзөтүүФабрика кондитердик азыктардын түрлөрүн чыгарат, анын ичинде:
- Торт жана токочтор
Сапат жана сертификаттоо
түзөтүүФабриканын продукциялары эл аралык сапат стандарттары боюнча тастыкталган, бул анын коопсуздугун жана жогорку талаптарга шайкештигин тастыктайт. Куликов ар кандай көргөзмөлөргө жана сынактарга активдүү катышып, анда сапат жана инновация боюнча сыйлыктарды алып келе жатат.
Улуттук статистика комитети өлкөнүн реалдуу секторундагы 29 миң ишкананы талдап, рейтинг жарыялаган. Рейтингди түзүүдө кызматкерлердин саны, киреше, жалпы түшкөн каражат, операциялык киреше жана чыгаша, ошондой эле компаниянын жалпы каржылык абалы эске алынган. Economist.kg жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Куликов кондитердик фабрикасы 200 компаниянын ичинен 16-орунду ээлеп, өзүнүн сапаттуу продукциясы жана туруктуу өнүгүүсү менен белгиленди. Бул жетишкендик компаниянын рыноктогу ордун жана аброюн бекемдеген.
The EAEU Brand Award конкурсу Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өтүп, катышуучулар арасынан эң мыкты бренддерди аныктоо максатын көздөгөн. Куликов кондитердик фабрикасы 100 компаниянын ичинен 14-орунду ээлеп— анын сапаттуу продукциясы жана рыноктогу ордуна болгон ишенимди дагы бир жолу тастыктады.
Булактар
түзөтүү- ↑ Kulikov кондитердик үйү (официалдуу баракчасы).
- ↑ Байкинова, Адина. Как кыргызские кондитеры завоевывают Казахстан, Kapital.kz (04.02.2016).