Кулматов Сатар (1904, азыркы Чүй облусу, Кемин району, Чоңкемин кыштагы – 1938) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан. 1919-ж. Токмок, Пишпек уезддеринде комсомол ячейкаларын түзүүгө катышкан. 1921–22-ж. Ташкенде советтик-партиялык мектепте окуган. 1922–28-ж. комсомолдук кызматтарда, Кыргыз АССР БАКтын жооптуу катчысы, 1928–30-ж. Каракол округдук комитетинин катчысы. Кийинки жылдары Талас, Нарын райкомдорунун катчысы, 1937-жылдан Кыргыз ССР жеңил өнөр жай комиссары. Социал-Туран партиясынын мүчөсү жана Ж.Абдрахманов менен байланышта болгон деген жалган жалаа менен репрессияга дуушар болгон.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003