Кулон мыйзамы электр-статиканын кыймылсыз чекиттик эки электр зарядынын өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоочу негизги мыйзамы.

Вакуумда жайгашкан заряддалган эки чекиттик кыймылсыз нерселердин өз ара аракеттенүү күчү ― F, алардын заряддарынын модулдарынын көбөйтүндүсүнө түз пропорциялаш жана алардын арасындагы аралыктын квадратына тескери пропорциялаш F=kq q /r2, мында q , q2—заряддардын модулдары, r — заряддардын орны. Бул мыйзамды француз физиги Шарль Огюстеен де Кулон 1785-жылы атайын жасалган толгонмо таразанын жардамы менен далилдеген. Заряддардын өз ара аракеттенүү күчү Кулон күчү деп аталат.

Булактар түзөтүү