Электр-статика (электр... жана ...статика) - электр-динамиканын кыймылсыз электр заряддарынын өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү.

Берилген аймакта электр талаасынын бар экендигин ал жерге жайгаштырылган сыналуучу электр зарядына таасир эткен механикалык күчтүн пайда болушу аркылуу билүугө болот. Тынч абалдагы заряддардын өз ара аракеттешүү күчү Электр-статикалык күч, ал эми тынч абалдагы заряддардын электр талаасы Электр-статикалык талаа деп аталат. Мындай заряддардын өз ара аракеттешүүсү чөйрөнүн касиетине көз каранды болот. Электр-статиканын негизи - Кулон мыйзамы. Электр-статиканын закондору электр аппараты, электрон-оптикалык курал, заряддуу бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычтары ж. б. шаймандарда, түзүлүштөрдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4