Кулчунова-Пинигина Мария Жумабаевна

Кулчунова-Пинигина Мария Жумабаевна (1958-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) — спортчу (жеңил атлетика), олимпиялык оюндардын чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спортчусу. КМДТИни бүтүргөн (1980). СССРдин жаштар арасында биринчилигинде 200 м аралыкты 23 секундда чуркап өтүп, рекорд койгон (1976), СССРдин 6-, 7-спартакиадаларында 400 м аралыкта чуркоодо 1-орунду жеңип алган. «Правда» гезитинин байгесине арналган бүткүл союздук жеңил атлетикалык кросстун Бишкекте өткөрүлгөн 13 финалында 1000 м аралыкты 2 мин 53,1 секундда чуркап өтүп, биринчиликке жетишкен. СССРдин, Европанын, дүйнөнүн ири мелдештерине катышып, жакшы ийгиликтерди жараткан. 1988-жылы Сеул шаарында өткөн 24-олимпиялык оюндарга катышып, 4×400 м аралыкка эстафеталык чуркоодо биринчи орунду ээлеп, чемпион наамга ээ болгон. Учурда Якутск шаарында жашайт. Жеңил атлетика боюнча Якутиянын башкы тренери.

Колдонулган адабияттар түзөтүү