Культка айландыруу - Кээ бир жетекчилердин, түрдүү таасирлер жана саясий кызыкчылыктардын негизинде сыйынууга ылайык болгон ыйык нерсе катары коомдо кабыл алынуусу жана эл тарабынан жогору тутулуусу.

Кудайлаштыруу деп да аталган бул иш-аракет көпчүлүк учурда белгилүү бир убакка чейин улантылат жана кийинчерээк агым же кыймылга өтүп кетиши да ыктымал. Буга Россиядагы Сталиндик диктатура мисал боло алат. Пропаганда жана зордоо аркылуу культка айландырылган Сталинди кийинчерээк анын диктатордугун уланткан лидер Хрущев калкты өзүн ыйык тутууга зордогондугу үчүн күнөөлөгөн.

Мындан тышкары ал Советтик Коммунисттик Партиянын 1956-жылы болгон XX съездинде Сталиндин кетирген жаңылыштыктарын айтып, элдин зордук-зомбулукта жашагандыгын белгилөө менен ал кездеги болгон жашыруун окуялар менен кылмыштардын бетин ачкан. Ушул себептүү өлгөндөн кийин Кремлге Лениндин жанына коюлган Сталиндин сөөгү ал жерден алынып, башка жерге көмүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9