Никита Хрущёв

Хрущёв Никита Сергеевич‎»‎ барагынан багытталды)

Никита Сергеевич Хрущёв (3 (15). 4. 1894, Курск губерниясы, Дмитриев уезд, Калиновка кыш. - 11. 9. 1971, Москва) - советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер. КПСС БКнын 1-секретары (195364), СССР Министрлер Советинин төрагасы (1958-64), Советтик Союзунун Баатыры, үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры.

  • Жарандык согушка (191820) катышкан, согуштан кийин Донбасста жана Киевде чарбалык жана партиялык иштерде иштеген.
  • Донецк индустриалдык институтун (1922), Москвадагы өнөр жай академиясын (1929) окуган.
  • 1931-32-ж. ВКП(б) Бауман, Красная Пресна райкомдорунун 1-секретары,
  • 1932-38-ж. ВКП(б) Москва шааркомунун жана обкомунун 2-, 1-секретары,
  • 1938-47-ж. ВКП(б) Киев обкомунун, Украина КП БКнын 1-cекретары,
  • 1944-47-ж. Украина Министрлер Советинин төрагасы,
  • 1947-49-ж. Украина КП БКнын, 1949-53-ж. ВКП(б) Москва обкомунун 1-секретары болуп иштеген.
  • Хрущёвдин башкаруу мезгилинде саясий камактагылар эркиндикке чыккан. Идеол. цензуранын таасири төмөндөгөн. Советтик Союзу космосту багындырууда чоң ийгиликтерге жетишкен. Курулуш иштери күч алып, турак жайлар салынган.

Хрущёв ишинде субъективизм менен волюнтаризмге жол берген. АКШ менен кансыз согуш күч алган. Анын Сталинди сындоо саясаты Кытай жана Албания менен болгон мамиленин бузулушуна алып келген. 7 Ленин, 1-, 2-даражадагы Суворов, 1-даражадагы Кутузов, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу жана чет элдик орден, медалдар менен сыйланган.

Ысмы Киевдеги стадионго, көчөлөргө, борбордук аянттарга берилип, Краснодар крайынын Гулькевич районундагы чарбалардын бирине (2005) жа туулуп-өскөн айылына эстелик тургузулган (2009).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4