Кул ээлөөчүлүк түзүлүш адамзаттын тарыхындагы алгачкы таптык коомдук экономикалык формация. Кул ээлөөчүлөр менен кулдардын пайда болушу биринчи таптык бөлүнүштү жараткан. Кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн тарыхын ушул эки таптын ортосундагы тынымсыз күрөштөр аныктаган, ушул каршылыктардын натыйжасында коомдун кулк мүнөзү (экономикалык., укуктук нормалары, жашоо мүнөзү, илим деңгээли, этикасы, дини, философиясы – деги эле бүткүл идеологиясы) аныкталган.

Кул ээлөөчүлүк түзүлүш (Рим империя).

Кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн алгачкы общиналык түзүлүштөн кийинки таптык коом. Кул ээлөөчүлүк түзүлүш байыркы маалыматтар боюнча биздин заманга чейин 5–4-миң жылдыктар аралыгында жаралып (Месопотамия, Египет), Азиянын, Европанын жана Африканын өнүккөн өлкөлөрүндө биздин замандын 3–5-кылымдарына чейин өкүм сүргөн. Өзгөчө Байыркы Греция менен Римде күчтүү өнүккөн. Булардын таасири астында башка мамлекеттер да кул ээлөөчүлүк түзүлүшкө өтүүгө мажбур болушкан.

Бул процесс Рим империясынын түзүлүшү менен аяктаган. Ал эми тарыхый аренага Рим империясы кулагандан кийин чыккан элдер (германдар, славяндар) бул коомдук түзүлүштү басып өтпөстөн, алгачкы общиналык коомдон тике эле феодалдык түзүлүшкө аттап өтүшкөн. Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде кыргыздарда кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн классикалык формасы болгон эмес. Ошондуктан кыргыз эли Орто Азиядагы бардык көчмөн элдердей эле кул ээлөөчүлүк доорду басып өтүшкөн эмес. Бирок, кыргыздардын социалдык мамилелеринде кул ээси жана кул институттары өзгөргөн түрүндө сакталып калган.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.