Кундак — ымыркай бала бешикке бөлөнгүчө жатуучу төшөкчө. Көбүнчө төө жүнүнөн, тыбыттан же койдун уяң жүнүнөн кат-кат төшөлүп, баштык же оромо түрүндө жасалган. Сырты кездеме, таар, жаргак менен капталган. Көчкөндө алып жүрүүгө, кереге башына илип коюуга, сууктан сактоого ыңгайлуу болгон. "Манас" эпосунда көп жолугат. Мисалы, «Бешик боосу бек болсун, Кундагың боосу кут болсун!» (Сагымбай Орозбаков, 1. 70),— деп Манас төрөлгөндө Жакыптын Бакдөөлөткө кайрылганы, Семетей төрөлгөндө «Караган аман калчу эмес, Көзүндө кара калы бар эле», — (Саякбай Каралаев, 2. 223),— деп Каныкейдин К-тагы баланы Манаска көрсөтпөй турганы К-ты жаңы төрөлгөн баланын төшөнчүсү экендиги далилдейт. Каныкей менен Чыйырды Манас өлгөндөн кийин Букарга качып бара жатып жолдо Байтеректин түбүндө уктап калышат. Он эки айры мүйүздүү ак бугу келип, баланын К-ын чапкылаганда алты айлык Семетей К-ынан суурулуп чыгып кетет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 50). Мындан, К. бешик менен бирдей эле мааниде колдонулуп, кеңири тарагандыгын билүүгө болот. Мылтыктын найынын бешиги да К. делет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4