Куну айбанаттары — жапайы же колдо багылып, терисинен мех буюмдары жасалуучу сүт эмүүчү жаныбарлар. Жер шарына кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 100дөн ашык түрү бар. Алар тундра, Сибирь тайгасы, токойлуу талаа, Теңир-Тоо, Памир, Кавказ, Саян тоолорун мекендейт. Куну айбанаттарынын 40тан ашык түрү (булгун, суусар, суу күсөн, кундуз, түлкү, карышкыр, аюу, жолборс, чөө ж. б.) жырткычтарга, 40тай түрү (тыйын чычкан, кемчет, суур, ондатра ж. б.) кемирүүчүлөргө, 13төй түрү коён сымалдарга (европа коёну, ак коён, манжур коёну ж. б.), 7дей түрү курт-кумурска менен азыктануучуларга (калтар чычкан, көр чычкандын бир нече түрү) кирет. Булардан тышкары деңиз мышыгы да кездешет. Куну айбанаттарынын сейрек жана өтө сейрек учуроочулары (жолборс, илбирс, кабылан, ак аюу, деңиз кундузу, кызыл карышкыр, кара кулак шер, көк жал ж. б.) да бар. Мындай айбанаттарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Алар атайын уруксат боюнча зоопарк үчүн гана кармалат. Кышкы териси баалуу куну айбанаттар: тыйын чычкан, булгун, суусар, түлкү, коён, кызыл күсөн, арыс ж. б. КМШ өлкөлөрүнө чет өлкөдөн алынып келип, байырлаштырылган куну айбанаттары: ондатра, суу күзөн, саз кунусу ж. б. Кыргызстанда суусар, кашкулак, суур ж. б. кезигет. Кышкысын чээнге кирүүчү кашкулак, суур сыяктуу айбанат териси промыселдик максатта кеч күздө даярдалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү