Бул — күмүш шөкөттөрүнүн бир түрү. Купа — металлдан тоголок шарча түрүндөгү жасалган кооздук. Ал төрт чарчы да, ортосу томпок, казан көмкөрүк да болот. Зергерлер кара темирге күмүштү жалатуу, жезден калыпка куюу, өгөөлөө аркылуу жасашып, көбүнчө ат жабдыктарына, үйдүн салттуу эмеректерине, көн буюмдарына азем жасалгаларга чабышкан. Купа 2— 2,5 см. болот.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)