Зергерликтин бир ыкмасы. Бул — күмүштү иштетүүнүн жөнөкөй, бирок негизги түрү. Адегенде күмүштү жашытуу зарыл. Бул үчүн зергерлер күмүштү темир бетине чабуудан мурун аны отко кармап, улам тап менен жашытып, үлбүрчөктөй жукартат. Ансыз ал талаптагыдай чыңалбайт. Зергерлер өзүлөрү мыктылап жасап, ширетип алган албарстай өткүр балкасы аркылуу кара темирге кыйма-чийме торчо сызык түшүрөт. Ага үлбүрчөктөй чыңалган күмүштү аяр кармап келип жалатат да, балка менен акырын таптайт. Муну күлдүү чүпүрөк, же кийиз менен мизилдете сүрткөндө асыл зат өңүнө чыгат, көз уялта жалтылдап, кадимкидей даана кумүш буюм болуп калат.

Мурун ат жабдыктарынын бөлүктөрү (жүгөндү, көмөлдүрүктү, басмайылды, куюшканды, үзөңгүнү) көндү, жыгачты, мүйүздү жана башка буюмдарды шөкөттөөдө темирди торчолоп, ага күмүш жалатуу ыкмасы укмуштай өнүккөн. Кооздук түшүрүү — бул аялдар себине, ат жабдыктарына, салттуу жана азем буюмдарына темир чөгөрүү, ага күмүш жалатуу жана анын бетине көркөм оюм-чийим түшүрүү. Бул зергерчиликте «сынпостоо», «чегелөө», «шөкөттөө» деп аталат.

Адегенде кара темирден шөкөт куюунун ар кандай көркөм калыптары болот. Темирди көөрүктө эритет да, өзүнүн калыбына куят. Сууп болгондон кийин аны кайыш бетине чабат. Эми накта күмүштү зым кылып чоет. Улам майда тешикчеден өткөрүп отуруп, зымдын ичкелиги аттын туу куйругундай болгондо албарстай курч балкасы менен алиги кайыш бетине чабылган куйма темирдин бетин торчолоп, күмүш зымды ошого жаткырат да, кичинекей бетине өзүнчө оюм түшүрүлгөн күмүш зымдар жалатылат. Усталар ушундай ыкмада кыз-келиндердин азем нускаларын, салттуу эмеректерин, ашкана буюмдарын шөкөттөй алышкан.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)