Курама тоо кыркасы

Курама кырка тоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Курама кырка тоосу - Батыш Теңир-Тоодо. Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чек арасында жайгашкан. Түштүк-чыгышынан Фергана ойдуңу менен чектешет. Сыр-Дарыянын жана Ангрен дарыясынынын суу бөлгүчү. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 120 кмге созулуп, Чаткал кырка тоосуна барып такалат. Эң жазы жери 25 км. орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 3769 м. Ангрен дарыясына караган түндүк-батыш бети тик жана кокту-колоттуу, Фергана ойдуңу тарабы жантайыңкы. Курама кырка тоосунда негизинен палеозойдун метаморфизмделген сланецтери жана карбонат, эффузив тоо тектери жатат.

Көп бөлүгүн аларды жиреп чыккан гранит, гранит-диорит жана аляскит интрузиялары ээлейт. Тоо тек катмарлары ири бүктөлүүлөргө дуушарланып, жалпысынан түндүкбатыш, түндүк-чыгышка багытталган тектоникалык ири жаракалар менен тилмеленген. Кен байлыктарынан калай, күмүш, жез, коргошун, цинк, флюорит, сейрек кездешүүчү металл кендери бар. 9—10-кылымдарда алтын менен күмүш казып алынган. Ландшафтында жарым чөл жана кургак талаа (2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу, сейрек бадалдуу талаа (2000—2500 м), шалбаалуу токой (2500—2800 м), андан жогору шалбаалуу субальп жана альп алкактары басымдуу. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү