Курбанов Мойдун 1952-жылы Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • 1970-жылы Мичурин атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, Советтик Армиянын катарына чакырылат.
  • Советтик аскерлердин Германиядагы группасында кызмат өтөп,
  • 1972 жылы өз айылына кайтып келет да, Ош шаарындагы айыл чарба техникумуна тапшырып, аны 1975-жылы ийгиликтүү аяктайт.
  • 1976-жылдан, 1990-жылга чейин, Дружба совхозунда тамекичилик бригадасында бригадир болуп эмгектенет.
  • 1990-1995-жылдары ошол эле совхоздо агроном энтомолог болуп которулат.
  • 1996-жылдан ушул кезге чейин, "Мамажан" кооперативинде төрага болуп эмгектенип келет.
  • Иштеген жерлеринде жан үрөп эмгектенгенинин натыйжасында,
  • 1976-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынып, өкмөттүн ар кандай баалуу сыйлыктарына ээ болот.
  • Эки жолу айыл кеңешине депутат болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3