Курлиенко Анна Акимовна (1910, азыркы Казакстан, Көкчө-Тоо облусу, Зерендик району, Ермоловка айылы — өлгөн жылы белгисиз, Кыргызстан, Чүй облусу, Сокулук району, Сарбан айылы) — саанчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950). 1944-жылдан Кыргызстан мал чарба жана ветеринария Илим изилдөө институтунда тажрыйба чарбасынын саанчысы болуп иштеген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү