Курманов, Карпек Шамсединович

Карпек Шамсединович Курманов (30.06.1928 - 24.04.2020) - советтик, кыргыздын жана казактын белгилүү укук адиси, укук илимдин доктору, профессор, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимий Академиясынын ардактуу академиги. Кыргыздардын арасында эн биринчи жогорку укук билиминин ээси. Наркомания багытты изилдеп, жаны советтик укук мектебинин ачкан илимпоз.

Профессор Карпек Шамсединович Курманов. Кыргызстан. 1995.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Карпек Шамсединович Курманов 1928-жылы 30-июнда Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кызыл-Туу (азыркы Кош Добо) айылында саяктардын жол башчысы, чоң манап Курман Лепесовдун үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Шамседин Курман уулу Москвадагы Кызыл профессорлор окуу жайынан окуган, кесиби боюнча финансист, бухгалтер. Акыркы иштеген орду - Курдай районунун финансалык болумунун башчысы. 1943-ж. каза болгон.

Энеси Асел - солто уруусунан чыккан манаптын кызы болгон (тынай).

Карпек Курманов 14 жашында Казакстандагы Жамбул шаарында Темир жол техникалык окуу жайын аяктаган. Андан кийин 1943-ж. чейин Алматы темир жолунда машинисттин жардамчысы болуп иштеген.

1943-1944-жылдары Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда аткару комитеттин алдында болгон мобилизациялык комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген. 1944-45 -жылдары Ленинградтагы Лесгафт атынданы физкультура институтунда жана Москвадагы Бауман атындагы жогорку техникалык училищада окуган.

1945-49-жылдары Ленинград шаарындагы М.И.Калинин атындагы мамлекеттик укук институтунда окуп, укук адистиги боюнча диплом алган.

Экинчи курста окуп жүргөнүндө Орто Азия жана Кыргызстан боюнча белгилүү изилдөөчү-этнограф, профессор С.М.Абрамзон менен таанышып, ага жардамчы, котормочу болуп иштеп, өз билимин гана жогорулатпастан, студенттик кедей капчыгын да толуктап турган.

С.М.Абрамзон менен иштешип жүргөнүндө аны менен чогуу Кытайдын Кашкар аймагында жашаган, 1930-жылдары коллективдештирүү учурунда эл-жеринен качууга аргасыз болушкан мекендештери, алардын турмушу, каада-салттары менен таанышып, кыргыздын тарыхын да мыкты өздөштүргөн.

1949-56-жылдары Кыргыз ССР прокуратурасында бөлүм башчысы болуп иштеген.

Москвадагы аспирантурадан "бай-манап тукуму" деп чыгарылып салынган (1950-жылы).

1956-62-жылдары Кыргызстандын Соода министринин жардамчысы, анан Кыргызстандын адвокаттар коллегиясынын мүчөсү болуп иштеген.

1963-1966 жылдары КМУнун алдындагы очный аспирантураны бутургон, 1967 ж. юридика илиминин кандидаты даражасына жеткен. СССР де эн биринчи наркотизм боюнча кандидат болгон.

1967-1972 жылдары КМУнун илимий катчысы болуп иштеген.

1972-1984 жылдары ректор, академик Е.А.Букетовдун озумдук чакыруу негизинде Караганда мамлекеттик университетинде юридика факультетинде деканы, андан кийин кафедра башчысы болуп иштеген.

1984-1993 жылдары Улуттук Илимий Академиясында Философия жана Укук институтунда сектордун, жана отделдын башчысы болуп иштеген.

1991-ж. Алматы шаарында докторлук диссертациясын коргогон. СССР де эн биринчи наркотизм боюнча доктор болгон.

1993-2009 жылдары КМУнун, андан кийин Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын (КМЮА) кафедра башчысы.

2009-жылдан баштап КМЮА ректорунун кенешчиси жана кафедранын профессору, азыркы мезгилде консультанты.

Ленинград, Москва, Караганда, Бишкек шаарында жашаган.

Илимий-педагогдук ишмердиги түзөтүү

150 ашык илимий макалалардын жана китептердин ээси.

7 доктор жана 20 илимий кандидаттарды даярдаган.

Наамдары. Сыйлыктары түзөтүү

2019 ж. кузундо "Кыргыз элинин баатыры" деген ардактуу наамына корсотулгон, бирок бул убакыттан эрте кетти.

Илимий жактан Кыргыз Республикасынын эмгек синирген ишмери (2004);

КР "Юстиция отличниги";

КР "Билим беруу отличниги";

"Манас" орденинин кавалери;

«За доблестный труд в годы ВОВ в тылу»;

«Ветеран труда СССР»;

«65 лет победы в Великой Отечественной войне» КР медалы ;

«75 лет победы в Великой Отечественной войне 1941—1945 гг.» РФ медалы;

«75 лет победы в Великой Отечественной войне 1941—1945 гг.» КР медалы;

Профессор Р.Тургунбекова атындагы премиясынын лауреаты;

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин, Чуй университетин, М.Барскани атындагы Чыгыш университетин, Кыргыз мамлекетинин юридикалык акадеясынын, Ички иштер академиясынын ардактуу профессору.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимий Академиясынын ардактуу академиги.

Кыргызстандын ардактуу ардагери.

2007 ж. КМЮА да К.Курманов атындагы кабинет-музеи ачылган.

2018 ж. Жумгал районунун "ардактуу жаран" нааамы берилген.

2020 ж. мэриянын токтому менен Бишкек шаарында профессор К.Курманов атындагы кочоо ачылган.

Үй-бүлөсү, жакын туугандары түзөтүү

Курмановдор Кыргызстандын падышалык Орусия империясынын тушундагы жана совет мезгилиндеги саясий элитасынын өкүлдөрүнөн болушкан.

Алардын ичинден эн белгилүүлөрү:

- Чоң атасы - Курман Лепесов, саяктардын чоң жол башчысы, "Алаш" партиясынын мучосу, Оренбург шаарында откон 2 Алаш партиянын съедининде делегат болуп шайланган, 1926 ж. репрессиялынган.

- Чоң кудасы - Канат Абукин, сарыбагыштардын чоң манабы, кыргыздын 1916 ж. болгон которулуштун каны.

- Агаларынын бири - Түгөлбай Сыдыкбеков, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, УИА академиги, Сталиндик мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз адабиятынын классиги.

.- Андан кийини: Бир тууган агасы Курманов Жусуп - мурунку Нарын облустук аскер комиссариатынын башчысы, СА полковниги, Уулу Ата-Мекендик согушунун катушуучусу.

- Иниси - Лепесов Эмильбек - илимпоз, тарых илиминин кандидаты, доцент.

- Иниси - Курманов Эркин - маданияттык ишмер, СССР жана Кыргыз Республикасынын композиторлордун союзунун мучосу.

- Иниси - Курманов Султан - мурунку Улуттук Гвардиянын командири, Афганстандагы болгон соогуштун баатыры.

- Жубайы - Анипа Шүкүрбек кызы (азыркы тегаты - Курманова), юрист. Алар 1953-жылы баш кошкон.

- Алардын эки уул (Айдар, 1954, Зайнидин, 1955), бир кызы (Гүлнара, 1960), неберелери бар.

 
Кыргыздын белгилүү укук адиси, профессор Карпек Шамсединович Курманов жубайы Анипа менен. 1960-жыл. Кыргызстан.

- Айдар Курманов - юридика илиминин кандидаты, профессор, Кыргыз мамлекеттик укук академиясында кафедра башчысы.

- Гульнара Курманова - М.Ломоносов атындагы ММУ кызыл диплому менен бутургон. Бишкектеги Ленин райондук сотунда судьясы болуп иштеген, азыр Алматы ш. иштейт.

 
Карпек Курмановдун уулу - профессор Зайнидин Курманов. 11.5.2012.

- Алардын ортончу баласы Зайнидин Курманов 2000-2005, 2007-2009 жж. Жогорку Кенештин депутаты, 2009-2010-жылдары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп иштеген, тарых илиминин доктору, профессор, КР билим беруу жактан синирген ишмер, азыркы мезгилде Дипломатиялык академиясында илимий боюнча проректору.

 
Кыргыздын белгилүү укук адиси, профессор Карпек Шамсединович Курманов жубайы Анипа менен. 2010-жыл. Кыргызстан.

Эмгектери түзөтүү

  • Курманов К. Наркомания: уголовно-правовые и криминологические проблемы. - Фрунзе: Илим, 1989. ISBN 978-9967-08-438-4
  • Курманов К. Уголовное право Кыргызской Республики (Общая часть). Учебник для вузов. - Бишкек, 2004.
  • Курманов К. Уголовное право Кыргызской Республики (Общая часть). Изд. 4-е с измен., доп. Учебник для вузов. - Бишкек, 1998. - 229 с. - 2000 экз. - ISBN 9967-401-12-х
  • Курманов К. Уголовное право Кыргызской Республики (Часть особенная). Учебник для вузов. Бишкек, 2000.
  • Курманов К. Квалификация преступлений: теория и практика. Бишкек: ИД "Наука и образование", 2001.- 101 с. - 700 экз.- ISBN 9967-02-054-7
  • Курманов К.Ш., Сыдыкова Л.Ч., Шаршеналиев А.Ш. и др. Комментарий к Уголовному кодексу Кыргызской Республики. - Бишкек: ИД "Наука и образование", 2003. - 746 с. - 4000 экз. - ISBN 9967-02-220-5
  • Курманов К. Наркотики: преступление, профилактика. - Бишкек: КГЮА, 2005.
  • Курманов К. Кылмыш-жаза укугу боюнча тушундурмо создук.- Бишкек: Наука и образование, 2002. - 172 б.
  • Курманов Карпек. Исповедь юриста. Автобиографический очерк. - Бишкек: 2013. - 170 с. - 300 экз. ISBN 978-9967-08-438-4
  • Карпек Курманов. Юристтин осуяты. Бишкек: 2014. - 180 б. - 200 экз. ISBN 978-9967-08-438-4
  • Карпек Курманов . Исповедь юриста. Автобиографический очерк. Изд. 2-е, перераб. и доп.- Бишкек: 2017. — 255 с. с илл. - 500 экз. - ISBN 978-9967-32-258-5

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Курманов Карпек. Исповедь юриста. Автобиографический очерк, посвященный 85-летнему юбилею автора. Бишкек: 2013. — 180 с.
  • Курманов Карпек. Исповедь юриста. Изд. 2-е, перераб. и доп. Бишкек: 2017. — 255 с.
  • Айтхожин К. К. Учитель, давший направление в жизни: о докторе юридических наук, профессоре Курманове Карпеке Шамсединовиче / Юридический форум-Legal Forum. Научно-практический журнал. Иссык-Куль: 2014. — С. 4-7. ISSN 1694-7460
  • Суюнбаев М. Негромкое свободомыслие Карпека Шамсединовича. Отзыв на книгу «Исповедь юриста» / Общественный рейтинг. — 2013. — № 35
  • Илим кудуретине ишеничи терен инсан / Кыргыз туусу. — 2006. — № 27
  • Криминологический словарь. Астана: Издательство «Норма-К», 2012. — С. 173
  • Шамшиев Болотбек. Я помню (Эсимде). Роман-сериал для кино и телевидения. Бишкек: Турар, 2019. — 364 с. ISSN 978-9967- 15- 921- 1
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — С. 351
  • Кыргызская наука в лицах / У.Асанов и др. - Бишкек: Гл. ред. энциклопедии и гос. языка, 2002. - С.299
  • Казахстан. Национальная энциклопедия. Т.5 / Гл. ред. Б.Аяган. - Алматы: Гл. ред. "Казак энциклопедиясы", 2006. -С.504
  • Джакыпова Ч.Ш. Конфискация жизни / Худож. А.Н.Карпов. — Бишкек, 1999. — 212 с.: ил. 1000 экз.
  • Керезбеков К.К. Укук тармагында Курмановдордун династиясынын орду / Вестник Киргизской государственной юридической академии. - 2008. - № 2. - С.4-6
  • Бейшембиев Э.Дж. Девиз профессора Курманова К.Ш. "за жизнь без наркотиков" / Вестник Киргизской государственной юридической академии. - 2008. - № 2. - С.8

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  • Курманов З. Отечественная война Карпека Курманова httr:www.elgezit.kg/2020/05/09/uroki-istorii-otechestvennaya-vojna-karpeka-kurmanova/
  • Курманов З. О человеке длинной воли://elgezit.kg/2020/04/20/uroki-istorii-o-cheloveke-dlinnoj-voli/ Archived 2020-12-11 at the Wayback Machine
  • Жумабаев Т. История одного научного открытия http://www.pr.kg/gazeta/number796/3319
  • Курманов З. О том, как уходят эпохи httr://www.elgezit.kg/2020/05/27/uroki-istorii-o-tom-kak-uhodyat-epohi/