Кутман-Көл
Кутман-Көл — Бабаш-Ата кырка тоосунун түндүк капталындагы көл. Майлуу-Суу дарыясынын алабында, деңиз деңгээлинен 2875 м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 1,5 км, туурасы 600 м, аянты 0,1 км2. Бөгөт көлдөрүнүн тибине кирет. Көл чөйчөгү жайгашкан өрөөнчөнүн капталдары тик. Андан Майлуу-Суу дарыясы агып чыгат. Кутман-Колуно Керей суусу куят жана майда булак, жаан-чачын, кар, монгу сууларынан толукталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9