Анвар Куттубаева

Куттубаева Анвар Акматовна‎»‎ барагынан багытталды)
Куттубаева Анвар
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Куттубаева Анвар
Туулган жылы: 1915-жыл
Өлгөн жылы: 1977-жыл
Туулган жери: Фрунзе шаары, Кыргызстан
Өлгөн жери: Фрунзе шаары, Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр артисти , ырчы
Наамдары:

Кыргыз ССРинин эл артисти

Куттубаева Анвар – театр артисти, ырчы.

Өмүр баяны түзөтүү

Куттубаева АнварКыргыз ССРинин эл артисти (1939).
Фрунзе педтехникумунда окуп, актёрдук чыгармачылыгын андагы драма ийриминен баштаган.
1929-жылы кыргыз театр студиясына кирген. А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтынында» Настянын, К. Жантөшөвдүн «Карачачында» Карачачтын ролун ойногон.
Жөндөмдүү вокалист Куттубаева (сопрано) музыкалык драма спектаклдеринде жана операларда: Зулайканын (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Чынардын (Ж. Бөкөнбаев, “ Алтын кыз”, Калыймандын (В. Власов. А. Малдыбаев жана В. Фере, «Айчүрөк»), Чолпондун (М. Раухвергер, «Көкүл») партияларын аткаруу менен кыйла ийгиликке жетишкен, элдик ырларды да мыкты аткарган.
1946-жылдан кыргыз филармониясында иштеп, улуттук бий ансамблин жетектеген.
1952-жылдан Кыргыз драма театрында иштеген.
Куттубаева комедиялуу ролдорду да зор чеберчилик менен аткарган.

Негизги ролдору түзөтүү

Карачач (К.Жантөшөв «Карачач")
Анна Павловна (К.Крапива, “Акыркы күлгөндүн арманы жок”)
Калбүбү (Т.Абдумомунов «Атабектин кызы»)
Феклуша (А.Островский, «Добул») жана башка.

Сыйлыктары түзөтүү

Ленин ордени
Эмгек Кызыл Туу ордени
«Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4