Куугун («Манас» эпосу) — «Чоң казатка» таандык согуштук эпизоддордун башталышы, окуялардын тереңдеп, татаалданышы.

Арттан куугун келгенче Манас менен Чубакка аман жетип алсак болот эле — деп эки баатыр көп жылкыны айдап катуу жөнөштү. Үстүндө ээси жок Торуайгыр Коңурбай жаткан чатырдын тушуна барып окуранып, жер чапчыйт. Сыртка чыгып чамбыл ала чаң болгон, ээси жок айгырды көрүп, Коңурбай жоо малды алганын билди. Кентке келип коңгуроо уруп, колуна кабар берип, токсон миң кол алып, калганың арттан келе бергиле деп, Коңурбай аламандап куугунга жөнөдү.

Базаң тоонун оюндагы Маралды-Суунун боюнда калган Манас менен Чубак Бээжинге кирмек болгон эки баатырды эки күн, эки түн күтүп зарыгышты. Сен тетиги көрүнгөн жончого барып жолду кара, жоо көрүнсө кабар бер, мен биртке чырм этип алайын деп Чубакты жөнөтүп жиберип, Манас кырчынды кыйрай жазданып уйкуга кирет.

Көп колу менен жылкынын сүрдөөнүнө салып катуу келаткан Коңурбайдын карааны көрүнгөндө Сыргакты алдыга жиберип өзү камыштын арасына кирип аңдып калган Алмамбет Коңурбай так тушуна келгенде качырып чыгып найза салганда, тиги кайра качат. Аны жарадар кылып, кууп бараткан Алмамбетке Мурадыл бет келип, Коңурбайды коё берген Алмамбет Мурадылды аттан сайып түшүрдү. Көп колдун жакын кирип келгенин көргөн Алмамбет ит урушун салып, жылкынын артынан жөнөдү. Алмамбетти кууп бараткан Ушаңды жол карап жүргөн Чубак туурасынан качырып чыгып көмө коюп кетти. Улам бири качымыш болуп, экинчиси буйгат жерден тосуп туруп тушуна келген душманды көмө коюп отуруп баатырлар Боз-Сеңирге чейин барышты. Алмамбет менен Сыргак Боз-Сеңирдин кыясынан тосуп келген жоону мылтыктын огуна алып, куугунду бууп токтотуп калышты. Манаска кабар бермек болуп Чубак ашып-шашып келип, уктап жаткан Манасты ойготсо, ал такыр ойгонбойт, тикесинен тургузуп туруп, коё берсе шалак этип жыгылат, өлүп калган го десе коңуругу баш жарып уктап жатат. Айласы кеткен Чубак Аколпоктун этегин түрүп коюп, атына минип качырып келип Манасты найза менен жоон санга сайды. Найза кирген жерин чапчып алып, ошондо араң ойгонгон Манас кулжуңдаган чунак, бул эмнең? — дейт Чубакка. Шашкан Чубак эсепсиз көп жоо каптап келе жатканын айтса, «...Жоо болсо нетербиз, Жолуң болгур, ыйлаба, Уруша-уруша чыгып кетербиз», — урушпай жүргөн жоо барбы, ага эмне мынчалык алаптайсың! — деп Манас кебелбейт. Манастын эрдигине чексиз ыраазы болгон Чубак өзү да кайраттанат. Манас согушка кирип, каптаган калың жоонун алдын кайра жапырды. Алмамбет тез жетип колго кабар бер деп Сыргакты жөнөттү.

Манастар жылкы тийгенде артынан келип, согушта Коңурбай менен Жолойдун өлгөнү Валиханов жазып алган эпизоддогу жазылган текстте кыска эскерилет. Радлов жазып алган вариантта жылкысын тийгенде артынан кууп келген Жолойду тосуп туруп, Манас менен Алмамбет өлтүрөт.

Саякбай Каралаевдин вариантында Карагулдан кабар уккан Коңурбай көп кол менен куугунга келет. Тосуп турган Алмамбет Коңурбайга кол салып, эми жетип жайлаарда ал кумга сала качып, шайы кеткен Сарала жетпей калат. Сыргак менен Алмамбет ит урушун салып, жылкыны айдап жүрүп олтурушат. Уктап жаткан Манас чочуп ойгонуп, баатырлар кыйын абалда калган окшойт, жардам берели деп Чубак экөө шашылыш жөнөйт. Көп жылкыны баштап келе жаткан Карткүрөң мени минсең Алгарага үч жолу жетип берейин деп Манаска барат. Манас болбойт, таарынган Карткүрөң Ажыбайга качып кетет. Төрт баатыр кошулушуп, көп жоону кыйратып, кайра сүрүшөт. Манас келди, жеңилмек болдук, көп кол берсин! — деп Коңурбай Карыканга кабар жиберет. Карыкан көп кол жиберип, күчтөнүп кытайлар төрт баатырды кайра каптайт. Согуш катуулап, Айбанбоз баспай жөө калган Манас Тал-Чокуну пааналайт, үч баатыр аны коргоп, курчап алган жоо менен кармашып турушат. Манас Сыргакка колго кабар бер деп тапшырат. Кууган жоодон качып кутулуп, Сыргак колго жөнөйт.

Жылкынын артынан куугун келип, төрт баатырдын кытайлар менен согушу белгилүү манасчылардын баарында бар, бирок, алар бири биринен да, ошондой эле Сагымбай Орозбаковдун вариантында да, Саякбай Каралаевдин вариантында да айырмаланган өзгөчөлүктөрү менен айтылат. Айырмачылыктар майда деталдык көрүнүштөр боюнча эле эмес, окуянын жүрүшү, мазмун жактан да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4