Куу түлкү«Манас» эпосунда кытай-калмактардын укмуштуу кароолчу жандыктарынын бири. Байыркы элдер өздөрүн курчап турган жаратылыш кубулуштарды, жан-жаныбарларды адамга мүнөздүү касиетке ээ деп ишенишкен. Ушуга ылайык оозеки чыгармалардын ар кандай үлгүлөрүндө чагылдырылган укмуштуу айбандар адам сыяктуу сүйлөөгө, түшүнүүгө, окуяларды алдын ала билүүгө жөндөмдүү жандык катары сүрөттөлөт. «Манас» эпосунда жомоктук-фантастикалык элесте сүрөттөлгөн бул жандык:

Кырк кулач кызыл түлкү экен,

Айбандан болгон артык сак,

Эсен канга мүлк экен.

Мүлктүгү ушул эмеспи,

Кароолго койгон Куу түлкү

Бел байлаган бел экен (Саякбай Каралаев, 1. 165),— деп сыпатталат. Бээжинге барчу жолду кайтарып жаткан, адамдай акылы бар К. т-нү жеңип, жоонун жерине кирүү иши да Манастын чоролорунун колунан келет. Канчалык амалкөй болсо да К. т. кароолдо турган жерине чалгындап барган элдик баатырлар тарабынан жай болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4