Куш эти - үй канаттууларынан тамакка маанилүүсү - тоок, каз, өрдөк, күрп; жапайы канаттуулардан - чил, кара кур, кыргоол, керең кур, жапайы өрдөктөр жана башка Куш этинде 20%ке жакын белок бар, кой, уй жана чочко майына салыштырганда майы сиңимдүү.

Куш эти (өрдөк).

Минералдык заттардын өлчөмү мал этиндегидей эле. Куш этинде В1, В2, РР витаминдери бар.

Мүнөздөп тамактанууда балапан, тоок, күрп этинен даярдалган тамак аш пайдаланылат. Каз, өрдөктүн этинде майы көп, сиңимдүүлүгү начар болгондуктан алар мүнөздөп тамактанууда колдонулбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8