Бакен Кыдыкеева

Кыдыкеева, Бакен‎»‎ барагынан багытталды)

Бакен Кыдыкеева (19231993) — советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы. СССР эл артисти (1970).

Бакен Кыдыкеева
Сүрөт
Туулган жылы:

20 -октябрь 1923(1923-10-20)

Туулган жери:

Төкөлдөш айылы,
Пишпек уезди, Туркестан АССРи, РСФСР,СССР

Каза болгон жылы:

30 -декабрь 1993(1993-12-30) (70 жаш)

Каза болгон жери:

Бишкек, Кыргыз Республикасы

Жарандыгы:

СССР желеги СССР  Кыргызстан

Театр:

Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театры
Тянь-Шань музыкалык драма театры
Пржевальск драма театры
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры

Сыйлыктары:
Ленин Ордени
СССР эл артисти— 1970

Кыскача өмүрбаяны түзөтүү

1923-жылы 20-октыбрьда Төкөлдөш [1] айылында (учурда Бишкек шаары) туулган.

Орто мектепти 7-класска чейин окуп, окуусун 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргызстан жаш көрүүчүлөр театрында (учурда Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана жаш көрүүчүлөр мимлекеттик театры) уланткан

Бакен Кыдыкееванын атасы, анын театралдык окуусуна каршы болгондугуна байланыштуу, ал 14 жашында театрды таштоого мажбур болот. Театрга келип, кетүүгө арыз жазаар күнү, театрдын режиссеру А. Самарин-Волжский Бакен Кыдыкееванын эмне жумуш келгенин ойго албай, Лопе де Веганын «Овечий источник» спектаклына башкы каарман Лауренсиянын ролун берет. Бакен Кыдыкеева, арыз жазуу үчүн келгенин айта албай рольдон баш тартпай аны алат. Атасынын каарынан коркуп, бир нече күн үйүнө келген эмес. Спектакльдын үчүнчү күнүндө Бакен Кыдыкеева үйүнө келгенде, эшик алдында гезит окуп жаткан атасын көрөт. Атасы Бакен Кыдыкееванын жанына басып келип - "Бакен, бул жерде жазылып жүрөт: Бакен Кыдыкеева «Овечий источник» спектаклында башкы каармандын ролун мыкты аткарды" - деп, бул сенсинби?" Бакен Кыдыкеева корккондугунан башын ийкегенде, атасы чекесинен сүйүп, анын эң биринчи күйөрманы болуп калат.

1941-1944-жылдары Пржевальск жана Нарын шаарынын областтык театрларынын актрисасы, 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрынын актрисасы болуп эмгектенет.

Бакен Кыдыкеева өз таланты менен кыргыз сахнасын багынтып, кино жаатында да ролдорду аткарган. Анын чыгармачылык биографиясында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. Аны "алгачкы" деп аташкан, анткени Бакен Кыдыкеева алгачкылардан болуп х шекспирдеги айымдардын ролдорун жана башка дүйнөлүк пьесалардын авторлорунун чыгармаларын биринчилерден болуп кыргыз сахнасына алып чыккан. Ал биринчилерден болуп, алгачкы улуттук толук метраждуу "Салтанат" деп аталган кинотасмасында баш каармандын ролун аткарган. Чыңгыз Төрөкуловичтин алгачкы «Бетме-бет» спекталинде биринчилерден болуп Сейденин ролун аткарган.

Бакен Кыдыкеева бир гана Кыргызстанда эмес, аны кошуна өзбек, казак киностудиялары байма-бай чакырып турушкан. Кыргыз ССР кинематографистер Бирикмесинин мүчөсү. Үч жолу турмушка чыккан. 33 жашында кызы кырсыктан каза болгон, эки уулу бар. Алардын бири апасынын жолуна түшүп музыка жаатында эмгектенет. Расмий документтер боюнча, Бакен Кыдзыкеева 1994-жылдын 15-январында көз жумган.

Театралдык ролдору түзөтүү

Фильмографиясы түзөтүү

  • Салтанат («Салтанат» тасмасы), 1955
  • Бурма («Токтогул» тасмасы), 1959
  • Райхан («Перевал» тасмасы), 1961
  • Чернуха («Первый учитель» тасмасы), 1965
  • Слепая («Белые горы» тасмасы), 1964
  • Толгонай («Материнское поле» тасмасы), 1967
  • Комиссар («Всадники революции» тасмасы), 1968
  • Жена Жарасбая («Выстрел на перевале Караш» тасмасы), 1968
  • Джайдар («Бег иноходца» тасмасы), 1968
  • Мекке («Тайна предков» тасмасы), 1972
  • Сеиль («Улица» тасмасы), 1972
  • Хадича-хон («Встречи и расставания» тасмасы), 1973
  • Санем (киноальманах «Ласточки прилетают весной»), 1974
  • Мать Алпамыса («Алпамыс идет в школу» тасмасы), 1976
  • Ибрагимова («Поле Айсулуу» тасмасы), 1976
  • Асылкан («Зеница ока» тасмасы), 1976
  • Батма («Как пишется слово Солнце|Аманат» тасмасы), 1978
  • Салтанат («Каныбек» тасмасы), 1978
  • Мать («На ринг вызывается...» тасмасы), 1979
  • «Процесс» тасмасы, 1979
  • Бермет Шакировна («Тринадцатый внук» тасмасы), 1982
  • Кумриапа («Наш внук работает в милиции» тасмасы), 1984
  • «Через две весны» тасмасы, 1985
  • «Зять из провинции» тасмасы, 1985
  • Мать Саргалдая («Гибель во имя рождения» тасмасы), 1988

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү