Кыздар өрөөнү - Алай-Куу өрөөнүнүн түштүгүндө. Терек тоо, Кемпиртоо ж-а Көлкайыңды тоолору курчап жатат. Уз.36 кмге жакын.

Туурасы 3–4 км. Таманынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2300—3200 м. Эң бийик жери 4000 мге чейин, жапыз жери 2350 м (Караташ). Өрөөндүн жогорку ж-а төмөнкү бөлүктөрү кууш, ортосу жайык келип, тепши сымал. Жогорку бөлүгүндө корум таштар, кум шагылдуу беттер, үңкүрлөр (Бакыбай, Чүкөтай ж. б.), сууларында бөгөттөр, шаркыратмалар кездешет (эң ириси Бакыбай шаркыратмасы). Акиташ теги, сланец, конгломерат, гранит, гнейс тектеринен турат. Климаты континенттик; жылдык жаан-чачыны 400–600 мм. Өрөөндүн төрү мөңгүлүү.

Негизги суусу — Кайыңды (куймалары: Суулутөр, Көкжар, ж. б.). Негизинен кар, мөңгү (3900 мден жогору), альп, субальп шалбаа (2900–3900 м), арча-бадалдуу токой (2500–3000 м) ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2