Алай-Куу өрөөнүАлай-Куу (батыш), Терек (түш.) жана Фергана (түндүгү.) тоолору менен курчалган бийик тоо өрөөнү. Узундугу 75 км, туурасы 15 км. Орточо. бийиктиги. 2300 м, жеринин бети тоолуу келип, түндүк батышты көздөй жантайыңкы. Борбордук бөлүгү жайык. Дөңсөөлүү түзүлүштөгү талкаланып тегизделген жондор, чөкмө тектер менен капталган байыркы түздүктөр, жарыш жайгашкан кырлар жана өрөөндөр мүнөздүү. Негизинен бор жана юра мезгилинде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Көмүрдүн кени бар. Климаты континенттик. Июлдун орт. температурасы 15,7°С, январдыкы –17,9°С. Жылдык-чачыны 300–500 мм.

Суулары: Балгынды, Кашка-Суу, Карагатты, Сабажарды, Кайыңды, Казык, Акбогус Терек ж.б.Көлдөрү: Кулун, Көлкайыңды. Негизинен талаа-тулаң (2300–2700 м), токойлуу шал- баа (2700–3100 м), токой (3000–3500 м), субальп, альп шалбаасы (3500–3900 м) жана маданий (2100–2500 м) ландшафттар мүнөздүү. Алай-Куу өрөөнүндө Терек, Күйө-Таш, Кан-Коргон, Көгарт ж.б айылдар жайгашкан. Мал чарбасы өнүккөн; жайыт.

Адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору». - Бишкек, 2004