Кыздын түзүлүшүнө карата мамиле
Кыздын төрөлүшүнө карата мамиле
Уул балага салыштырмалуу кызга карата болгон салкын мамиле биринчи кезекте анын бойго жеткенде үйүн таштап кетиши, бирөөнүн бүлөөсү болушу менен байланыштуу. Үй бүлөнүн туруктуу мүчөсү деп эсептелбегендиктен, кызга табактын түбүн жалатпаган, антсе ошол үйдүн ырыскысы кетип калат деп эркек балага тазалаткан. Ошол эле себептен, тагыраак айтканда, төркүнүнүн бүт байлыгын шыпырып алып кетпесин үчүн кызды күйөөгө узатканда. Себине шыпыргы кошуп бербеген. “Жаман катын кыш тууйт, кыш тууса да кыз тууйт” деген макал кыз баланын төрөлүшүнө карай мамилени көргөзүп турат. Жалаң кыз төрөгөн келинди ал тургай аялдар өздөрү да “ичи тар адам кыз төрөйт” деп кодулашкан. Бирок анткен менен кыргыздар кыз баланы да жакшы көрүшкөн. Кыз төрөсө “кырк жылкы” деп сүйүнчүлөп, болочокто атасы кызын күйөөгө бергенде жечү калыңды кабар кылышкан. Эркек бала эски-ускуну эле кийип чоңойсо, кызына “кыздын көзү кызылда” деп кийимдин жакшысын кийгизип, көчкөндө аттын мыктысын мингизген. Кыз баланы тепсе томаяк болуп калат деп коркутуп, анткен баланы катуу тилдеген. Кыз мейман болот деп, аны дайым сыйлуу орунга отургузган. Турмушка чыккандан кийин да, төркүлөп келгенде чачын же кир когун жууса үйгө ырыскы, дөөлөт кирет деп жорушкан. Жогоруда сөз болгон ырым жырымдар, ишенимдер аркылуу эле кыргыздардын кызга карата жасаган чоң сый мамилесин байкаса болот