Кызыл-Агын мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,2 км, аянты 3,8 км2, көлөмү 0,1 км3. Кызыл-Суунун сол куймасы — Кызыл-Агын суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээли 5300 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300 м, абляциясынын аянты 1,3 км2. Мөңгүдөн Кызыл-Агын суусунун сол куймасы башталат.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү