Кызыл-Булак курортуБаткен облусунун Кадамжай районундагы климаттык курорт. Кадамжай шаарчасынан 12 км, Ош шаарынан 150 км аралыкта. Алай кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээли 1250м бийиктикте, Аксуунун өрөөнүндө жайгашкан. Айланасында арча токою, бадалдар өсөт. Климаты мелүүн континенттик. Кышы анча суук эмес, кар аз түшөт, январдын орточо температурасы –3°С. Жаз жана күз айлары жылуу. Жайы ысык, июлдун орточо температурасы 22°С. Жылдык жаан-чачыны 350 ммдей; негизинен апрель–июнь айларында жаайт. Жылдык орточо салыштырма нымдуулугу 56%. Жылына 2700 саат күн тиет. Курорттун аймагынын кооз ландшафты, өтө иондошкон таза тоо абасы климат-терапиясында мааниси зор. Кургак учуктан дарылоочу «Кызылбулак» санаторийи (250 орундуу) иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү