Кызыл-Сеңир, Өзгөн району

Кызыл-Сеңир, Өзгөн району, Жаңы Чек — Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээли 995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 23 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 28 км. Калкы 4037 (2009); негизинен кой багат жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү жана соода кылуучу жайлар иштейт. Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Отурукташкан жай
Кызыл-Сеңир
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош облусу
Район Өзгөн району
Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкы 4037(2009-ж.) адам
Сандык идентификаторлор

Колдонулган адабияттар түзөтүү