Кызыл-Суу мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы дендрит тибиндеги көп тармактуу мөңгү. узундугу 16,9 км, аянты 43,0 км2. Кызыл-Суунун (чыгыш) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээли 6610 м, этеги 3780 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4560 м, абляциясынын аянты 12,9 км2. Фирн облусу төрлөрдө жатат. Этеги морена менен текши капталган. Мөңгүдөн Кызыл-Суу (чыгыш) башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү