Кызыл-Суу мөңгүсү (Тескей Ала-Тоо)

Кызыл-Суу мөңгүсүТескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.

Сары-Жаз суусунун оң куймасы Үч-Көлдүн башында жайгашкан. Узундугу 5,4 км, аянты 5,1 км. Башы деңиз деңгээлинен 4590 м, этеги 3970 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Колпоковский мөңгүсүнүн батышында тепши сымал өрөөндүн төрүндөгү денуданцялык бетте жатат. Эетегини калыңдыгы 85 м. Мөңгүдөн башталган суу Үч-Көл суусунун жогорку агымы Сары-Чатка сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2