Кызыл-Суу (Көгарттын оң куймасы)

Сузак районундагы суу. Көгарттын оң куймасы.
Узундугу 21 км. Алабынын аянты 150 км². Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2000 м.
Жогорку куймалары Терме-Таш тоосунун түштүк-чыгыш жана Акман тоосунун түндүк-батыш капталдарынан башталат. Кызыл-Суу аты уйкаш ашуудан (бийиктиги 3075 м) башталат. Өрөөнү негизинен жазы, кушуурак, ортоңку бөлүгү босоголуу.
Тогуз куймасы бар: эң ириси – Ничке (оң).
Жылдык орточо чыгымы 0,80 м²/сек, эң көп чыгымы апрель – майда, эң азы январда байкалат.
Ортоңку агымынын оң капталында Эчкили-Кара-Таш жайлоосу жайгашкан.
Сугатка пайдаланылат.
Боюнан Кызыл-Суу, Ничке кыштактар орун алган.

Булактар түзөтүү

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.