«Кызыл көйнөкчөн» — 2011 жылы жаш режиссёрлор Тилек Чериков, Айбек Дайырбеков, Данияр Абдыкеримов жана Санжар Абдыжапаровдордун эмгегинен жаралган, Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы коркунучтуу жанрындагы тасма.

Кызыл көйнөкчөн
Жанры

Коркунучтуу тасма

Режиссёру

Тилек Чериков, Айбек Дайырбеков, Данияр Абдыкеримов Санжар Абдыжапаров

Башкы ролдордо

Нуриза Бурханова
Алиман Дүйшеналиева

Узактыгы

90 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

кыргызча

Жылы

2011

Кийинки тасма

Кызыл көйнөкчөн 2 (2014)

IMDb

ID 6094420

Мазмуну түзөтүү

Эки дос – Руслан менен Тоха Русландын жаңы алган машинасында бака-шака түшүп келатышып. Бул убакта тынч алып калган шаарда жол жээктеп кызыл көйнөкчөн кыз басып келаткан болот. Аны көргөн балдар адатынча “жеткирип коёлу” деп тийише башташат. Кызыл көйнөкчөн кыз алдын карай баса: “Мен сатылбайм! Эгер мага катылсаңар, өзүңөргө жаман болот!”- деп табышмактуу көздөн кайым болот. Андан ары улай машинасын мактанып айдап бараткан эки достун ортосунда сөздөн сөз чыгып, мелдеше кетишет. Русландын кымбат баалуу машинасы мелдешке түшүп, ал досу Тоханын айтканын кылмай болуп. Болбосо, машинасын ага арзан баада сатыш керек болот. Ошентип баратып жолдо Русландын алыс тууган иниси Макс менен сүйлөшкөн кызы Жаннага жолугуп калышат. Кызды көрө калган Тоха “ушул кыз менен кумарга батасың” деп коёт. Экөө кечке талашып-тартышып, акыры Руслан куру намыс менен макул болот. Калп эле экөөнү «таштап коёбуз» демиш болуп, эртеси шаар четине чогуу эс алууга көндүрүшөт. Эки достун калп сөзүнө ишенген кыз-жигит алар менен бирге эртеси шаардын четинде жайгашкан, уюлдук байланыш тартпаган ээн үйгө келишет... Кечке чейин кайтабыз” деген шылтоо менен алып келген эки дос планын ишке ашыруу үчүн эптеп айласын таап машинаны бузуп коюшат. Ошол күнү кете албай, айла жок түнөгөнгө туура келет. Ал эми иниси Макска эс-учун жоготсун деп атайын шараптан берип мас кылышат. Эч нерседен кабары жок Жанна кызыл көйнөкчөн келин тууралуу уламышты айтып отурат. Баары караңгы үйгө кирип, гитара менен ырдап-бийлеп отурганда Руслан арам ишине киришет. Кызды керебетке ыргытып, зордуктаганга аракет кылат. Каршылык көрсөткөн Максты жыга чаап, оозун басат. Бир маалда белгисиз бирөөнүн күчү менен үйдүн терезеси талкаланат. Табышмактуу мындай көрүнүштөн корккон жигиттер биринин артынан бири мыкаачылык менен каза болушат. Русланды машина тебелеп, Тоханы жер тартып кетет. Ал эми бейкүнөө Макс кызыл жоолук менен муунтуп өлтүрүлгөн болот. Бир гана Жанна тирүү калат. Аягында кызыл көйнөкчөн кыз тийиштүү жазаңарды алдыңар дегенсип жолдон өтүп кеткени менен тасма жыйынтыкталат.

Каармандарда түзөтүү

Тасма тууралуу түзөтүү

Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында жогорудагы тасмага окшош окуя болгону тууралуу кеп бар. Бир кезде белгисиз эркектер жолдо бараткан жаш келинди зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн жолдун четине ыргытып салышкан экен. Ошондон кийин “келиндин арбагы зордуктаган адамдарды издеп жүрөт” деген уламыш тараган. Айрымдар “чын эле болгон окуя, керек болсо аны көргөнбүз” дешсе, кээ бирлери “болбогон кеп” деп этибарга алышпайт. Ушул аңыздарга негизделген Чолпонбек Абыкеевдин “Кызыл көйнөкчөн келин” деген чыгармасы бар. Анда сюжет башкача болсо да, кеп ошол эле келин жөнүндө айтылат. Кино жаратуучулардын айтуусунда, ал чыгармага тасманын тиешеси жок. Жаш режиссёрлор Тилек Чериков, Айбек Дайырбеков, Данияр Абдыкеримов жана Санжар Абдыжапаровдордун эмгегинен жаралган тасма Кыргызстанда чоң кызыгууну жаратты.Тасманын башындагы титрде “Бул видеоматериал биздин колго капыстан тийди. Учурда бул иш дагы деле тергөөдө. Окуяга тиешелүү адамдардын ичинен бири гана тирүү калып, ал азыр психиатриялык ооруканада. Биз, болгону, видеону монтаждап эл алдына алып чыгууну туура көрдүк” деген маалымат жазылган. Кыргыз киносундагы коркунучтуу тасмалардын катарын толуктаган бул эмгектин режиссёрлорунун бири Тилек Чериков мындай дейт: – Бул чыныгы турмуштан алынган псевдо-документалдык фильм. Аны биз атайын актёрлорду тандап тарткан эмеспиз. Бул материал биздин колубузга белгисиз бирөөлөр аркылуу тийип отурат. Изилдеп көрүп, видеонун кээ бир жерлерин кыркып, монтаждап гана койгонбуз. Калганы бүт ошол алып келинген документтердин түп нускасы. Баш-аягы 3-4 айдын ичинде монтаждап бүтүрдүк.Тасмада ошол документтердин 10 пайызы гана ачылып берилди. Материалдын оригиналы 20 саатка жакын убакытты талап кылат. Таманын биринчи бөлүмү көрүүчүлөр тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Көрүп жатып чыдабай чыгып кеткендери да болду.Угушумча, ош жакта кино бүткөндөн кийин бир кыз өзүн жаман сезип, “Тез жардам” чакырып алып кетишиптир. Бул нерсе кинонун таасирдүүлүгүнөн кабар берет деп ойлойм.