Тулпарга тулпарлар сүрөө берет,
Туяктар өр таянып арыш керет.
Чынарбек Айдаров

Кыз жарыш, келин жарыш - Улуттук ат оюну.
Оюнга 13 жаштан 21 жашка чейинки 5-6 кыз-келин жасалгаланган ат жабдык токулуп, кооз үртүктөлгөн күлүк аттарга алчыланта минип катышат.
Жарышка чыккан ке¬линдер жоолук салынып, кыздар кундуз тебетей, кош этек койнок, чыптама кийишет.
Ат чабууну баштоочу жер, мара белгиленет. Аралык 5-6 км болот.
Аттын тизгинин кайсы учурда жыя кармап, кайсы учурда коё бериштин ыгын билген кыз-келиндер озуп келип байге алышат.

Адабият түзөтүү

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.