Кылкандуу балыктар (лат. Teleostei) — чачыла канат балыктардын инфраклассы. Скелети (омуртка тутуму, кабыргалары) толук сөөккө айланган. узундугу 1 смден 5 мге чейин жетет. Денеси сөөктүү түрпү менен капталган, кээ биринде түрпүсү жок. Сүзгүчтөрү курсагында, көкүрөгүндө же мойнунда жайгашкан. Сүзгүч канаттары тикендүү. Арткы жана заара-жыныс тешиги курсак сүзгүчтөрүнүн артында жайгашкан. Сүзгүч ыйлаакчасы демейдегидей, толтосу кеңейген. Кылкандуу балыктардын 33 түркүмү, 420 тукуму, 20 миңдей түрү Жер шарынын бардык деңиз жана туссуз сууларында жашайт. Айрым жыныстуу, кээ бирлери гана гермафродиттер. Уруктануусу көбүнчө сыртта жүрөт, жумуртка (икра) таштайт. Кээси тирүү тууйт (ганбузия жана башка).

Кылкандуу балыктар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү