Болотов Кылычбек Kapaпa, тери буюмдарынын чебери. 1954-ж. Жумгал районундагы Кызарт айылында төрөлгөн.

Бишкектеги Сүрөтчүлөр окуу жайынын колдонмо-жасалга бөлүмүн бүткөн. Кыргызстан эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө сүрөтчү-прикладник болуп иштеген. Көркөм кол өнөрчүлүк кесиптик техникалык окуу жайын уюштурууга жандуу катышып, ал ачылгандан бери анда мугалим чебер болуп узанат. Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги. Кылычбектин чыгармачылыгындагы булгаарыга наар түшүрүүсү, чийме сынпостоосу өзүнчө жаңычылдык. Ага кооздук үчүн «мүйүз оюмун», «кыяп оюмун» пайдаланат. Муну ысытып басуу, клишелеп басуу, чийме шибеге менен из түшүрүүсү сыяктуу ыкмалар аркылуу окуучуларга үйрөтөт. Kapaпa буюмдарын жаратууда ысыктыкты пайдалануу сырларын мыкты билет. Анын узануусундагы карапа буюмдар өнөктөшү - белгилүү карапа чебери Шаршеев Элчибектин стилине окшошот. Ат жабдыктарын кармоодо элдик узануунун жолунан тайбайт. Шайымбеков Кылыч анын өзү менен кошо узанган ишенимдүү шакирттеринен. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1979 ж. СССРдин ЭЧЖКсү. Kapaпa буюм-жасалгалары үчүн коло медаль, диплом. 1980 ж. Кыргызстан ЭЧЖКсү. Kapaпa идиштери, колдонмо-жасалга үлгүлөрү үчүн коло медаль.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0