“Кыл чайнаш” (англ. Heat, орус. Схватка) – 1995-жылы тартылган америкалык криминалдык тасма. Продюсери жана режиссеру Майкл Манн. Тасмага тартылгандар: Роберт Де Ниро, Ал Пачино жана Вал Килмер. Де Ниро ашынган ууру Нил Макконини аткарса, Пачино Макколинин изине түшкөн уурулук жана киши өлтүрүүнү изилдеген детектив лейтенант Винсент Ханнаны ойногон. Тасманын окуясы Чикагонун мурунку полициясы Чак Адамсондун 1960-жылдары Макколи аттуу кылмышкердин артынан түшүү окуясына негизделген. Ошондуктан Де Ниронун каарманы да Макколи деп аталган. Манн алгач сценарий жазып, аны телевидение сериясы катары тарткан. Бирок сериялуу тасма көп деле оозго алынбагандыктан, аны кайрадан тасма катары тарткан. Тасма алгач 1989-жылы эксперименталдык тасма катары “L.A. Takedown” деген аталышта телевидениеде экранга чыккан.

Кыл чайнаш
Режиссеру Майкл Манн
Продюсер
Жазуучу Майкл Манн
Оператору Данте Спинотти
Тартылгандар
Музыкасы Эллиот Голдентал
Редактору
Жайылтуучу Warner Bros.
Чыккан жылы
  • декабрь 15, 1995 (1995-12-15)
Узактыгы 170 мүн.
Өлкөсү Flag of the United States.svg АКШ
Тили Англис
Бюджети $60 млн[1]
Киреше $187.4 млн[2]

“Кыл чайнаш” $60 млн бюджети менен Американын өзүндө $67 млн, дүйнөлүк аренада $187 млн (2017-жылы $295 млнго жакын) киреше алып келүү менен ийгиликтүү сатылган. Киносынчылар да жылуу пикирлерин айтышкан. Киносынчы агрегатор “Rotten Tomatoes” 86% оң пикирлүү баа берүү менен тасмага “абдан чеберчилик менен аткарылган жана Майкл Манндын бул жанрдын устасы экенин көргөзгөн абдан таасирдүү криминалдык тасма” деген пикирин билдирген.

СюжетиОңдоо

ТартылгандарОңдоо

ШилтемелерОңдоо

  1. Heat (1995). JP's Box-Office. Текшерилген күнү 11 Апрель 2016.
  2. Heat (1995). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 16 Август (Баш оона) 2010.